Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан – укуктук өлкө, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан – укуктук өлкө, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет

14 окт 2020, 09:31    bishkek

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу толук берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды.

Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм.

Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл.

Саясатты токтотуп, ишке өтөлү.

Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды.

Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок.

Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы.

Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим,

Кыргызстан – укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет.

Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы».скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив