Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Кубатбек Боронов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

05 окт 2020, 12:48    bishkek
«Урматтуу мугалимдер!
Урматтуу окутуучулар жана билим берүүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 

Бүгүн чындыгында өзгөчө майрам, себеби, мектептеги окуучулук жана студенттик күндөр эң сонун, кайталангыс күндөр болгондугу эске келет жана биздин алган билимдерибиз ушундай сонун күн менен тыгыз байланыштуу. 

Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 70 миңден ашуун мугалим эмгектенет, алар үчүн бул кесип жөн гана кесип эмес, бул алардын ишке болгон шыгы, ынтаасы. Кыргызстандын педагогдору бардык учурда кесиптик жетишкендиктердин жогорку чегин карманып жүрүшкөн, түгөнгүс чыдамкайлык, акылмандык менен өзгөчөлөнүп, ошону менен бирге коомдун интеллектуалдык бөлүгү болуп, ар дайым акыркы убактардагы социалдык-экономикалык реформалардын чордонунда болуп келишет.    

Бүгүнкү күндө адам баласынын өнүгүшү жана анын потенциалы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик социологиялык саясатынын негизги приоритети болуп саналат.  

Өзгөчө белгилеп кетүү керек, экономиканы дүйнөлүк глобалдаштыруунун шарттарында өлкөнүн тиричилигинин бардык тармагына жогорку билимдүү, жогорку квалификациялуу жана атаандаштык жөндөмгө ээ кадрлар талап кылынат. Билимдүү адам биздин коомубуздун өнүгүүсүнүн негизи, ал эми интеллект экономиканын башкы ресурсу!

Билимдүү жарандардын жаңы муунун тарбиялоо – атамекендик билим берүү тутумунун кызматкерлеринин башкы милдети.

Сиздерге кесиптик ийгиликтерди, ден соолук жана бакубаттык каалайм!». 
 скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив