Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Үй-бүлөлүк башкарууга өтүп алган “Сорос-Кыргызстан” фонду АКИпресске кыйынсынды

Үй-бүлөлүк башкарууга өтүп алган “Сорос-Кыргызстан” фонду АКИпресске кыйынсынды

04 окт 2020, 12:49    bishkek

Гранттардын булагы катары “Сорос-Кыргызстан” фонду көптөгөн бейөкмөт уюмдары үчүн чыныгы авторитети болуп саналат.
Фонд өздөрүнүн максатын ачык коом куруу, коомдук институттардын өнүгүшүн колдоо жана башка деп түшүндүрүп келишет.
Фонддо жан дүйнөсү таза, түз жүргөн кызматкерлер иштеши керек, алар күнү-түнү дебей либералдуу баалуулуктарды алга жылдыруунун үстүндө гана ойлонушу зарыл деп ойлогуң келет.
Батышчылдардан көңүлү калгандардын баары “Сорос-Кыргызстан” фондусунун жетекчилигинин кандай экенинен кабарсыз эмес. Аларың көптөгөн адамдардай эле көзөмөлдөнбөй келип жаткан каражаттарга ээ болуп, текеберлик менен ач көздүккө алдырып ийишкен.
Акча менен бийлик кимди болбосун эсиртет эмеспи. Сорос чоң ата акчаны жаадырып атканда, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар кызылдай акчага көздөрүн кызартпай чыдап тура алышабы анан. Сорос фондунун жетекчилигине ийиктей имерилип “бийлеп беришпейби”.
“Сорос-Кыргызстан” фондундагылар либералдуу идеяларды ишке ашыруу менен бирге Сорос берген гранттарды алыш үчүн өздөрүн өздөрү “жумушка алышып”, ийгиликтүү бизнес жасап жаткандыктарын жалпыга маалымдоо каражаттары айтып чыгышты.
“Дело №” гезити жазып чыккандай, гранттар Фонддун кызматкерлери тарабынан биригишкен компанияларга (Фонд булардан товар алып турат жана кызматтарынан пайдаланат) багытталат.
Мисалга алсак, Фонд коронавирус менен күрөшүүгө 300 миң доллар сарптаган. Дары бишкектик “Меди Плюс” ЖЧКсынан алынган. Бул фармкомпаниянын уюштуруучусу - белгилүү ишкер Эрмек Султангазиев. Эрмек Султангазиев “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимовдун жакын досу болот.
“Миллиардер болуп саналган Жорж Соростун бүткүл дүйнөлүк уюму Кыргызстандагы филиалына бөлүп берген аз эмес акчаны ошол эле филиалдын директору, анын туугандары жана достору жакшы пайдаланып жатышат. Мындан алар моралдык гана эмес, жакшы эле материалдык пайда да көрүп жатышат”, - деп жазат “”Дело № гезити.
Гезитте Фонддун жетекчилеринин бизнес-структуралар менен болгон байланыштарынын көптөгөн фактылары келтирилет. Балким, бейөкмөт уюмдардын алардын финансылык ишмердиги ачык болсун дегенге массалык каршылык көрсөтүшүнүн себеби ушунда жаткандыр. Ачык-айкындуулук либералдардын жаап-жашырып, катып келген бизнесин баарына ачык көрсөтүп салса кандай болот деген коркунуч болуп жаткансыйт.
Муну менен Фонддун белгилүү маалымат агенттиги болгон АКИпресс менен кызматташуудан баш тартышы түшүндүрүлүп жаткандай.
Фонд коронавирус жөнүндө калкка маалымат жеткирүүгө багытталган «СOVID-19 — Медиаколкабыш» аттуу демилгеленген программанын алкагындагы грант тууралуу келишимге кол коюудан баш тарткан.
Эми келишимди токтотуунун себеби күлкү келерлик – “Сорос-Кыргызстан” фондусунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов АКИпресске аларды пресс-борборунда уюштурган “Сорос фондусу Кыргызстанда – кайрымдуулук же тышкы саясий долбоор” аттуу талкууга чакырбай койгону үчүн таарынып калган экен.
АКИпресс дагы жооп катары мындай мамилеге капа болуп, аны сөз эркиндигине болгон басым катары кабыл алганы белгилүү болду.
Гезиттеги жарыяланган материалда маселе сөз эркиндигинде эмес, Фонддун жетекчиси Ибрагимовдун АКИпресске грант бербөөнү чечкен, өздөрүнө байланыштуу болгон компанияларга же ЖМКга грантты берүүгө ниеттенген кадимки эле митаамдыгында болуп жатканы ойлондурат.
Либерализмдин жакшынакай идеялары кандайдыр бир себептер менен керектүү орундарда отуруп калган жеп-ичкичтердин колунда болуп калганы өкүндүрөт. Аларды чет элдик батышчыл идеологдор тыкыр тандап алышкан. Алар ар кандай жаман иштерге аралашып калган кызматкерлер сенин каалаган буйруктарыңды, ал гана эмес өз Мекенине чоң залакасы тие турган буйруктар болсо деле кың этпей аткарууга даяр экенин жакшы билишет.
Жорж Соростун Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш жасоону кыялданып жүргөнү, ал эми анын фондунда иштеген жергиликтүү кызматкерлер анын берген тапшырмаларын турмушка ашырып жатышканы жашыруун деле болбой калды.
Алардын мындай диверсиялык ишмердигине чекит коюуга убакыт келип жеттиби дейм? Жаңы келе турган парламент мындай кооптуу жагдайды тез аранын ичинде колго алат деген үмүт бар.скачать dle 12.0
Ренат ажимаматович от 4 октября 2020 13:43
Сорос фонд организация сша для деструктивных дел по миру
Жалал Торобеков от 4 октября 2020 14:22
Сырттан каржыланган уюмдарды жойуп эле салыш керек.
Аран от 4 октября 2020 15:46
Че друг друга хавают
Арлен от 4 октября 2020 20:40
Каяктагы жомокту айтпагылачы.
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив