Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Эмилбек Каптагаев: Партиялар өздөрү бийлик болуп алышып, бийлик бизди куугунтуктап жатат деп бет тырмап атышат

Эмилбек Каптагаев: Партиялар өздөрү бийлик болуп алышып, бийлик бизди куугунтуктап жатат деп бет тырмап атышат

16 сен 2020, 13:17    bishkek
Саясатчы, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айрым партиялардын кейпин, эки жүздүүлүгүн таамай айтыптыр.
“БИЙЛИК деген ким бүгүн Кыргыз Республикасында? Бул суроого ким болсун - Жогорку Кеңеш деп жооп берет. Ооба, анткени Жогорку Кеңеш мамлекеттик бийликтин орчундуу бутагы, анын ДЕПУТАТТАРЫ ошол бийликти ишке ашыруучулар, анткени алар Өкмөттү дайындайт, Сотторду бекитет, Баш прокурорду бекитет, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын 2/3 бөлүгүн аныктайт, мыйзам кабыл алат, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, ыйгарым укуктары кенен.
Мына ушул БИЙЛИКТИН башында турган, а түгүл ошол Жогорку Кеңештеги Башкаруучу коалицияны түзгөн СДПК, Республика-Атажурт, Бирбол, Кыргызстан партияларынын учурдагы ДЕПУТАТТАРЫ эл менен жолугушууда "бийлик бизди куугунтуктап жатат, бийлик бут тозуп жатат, бийлик антип атат...минтип атат..." - деп ыйлактап, бийликке оппозицияда жүргөндөй түр көрсөтүшүп, шайлоочунун боорун оорутуп, добушун алуунун аракетин жасап жүрүшөт.
Менимче бул карандай эле бет тырмарлык, ууру "ууруну карма", деп кыйкырып аткандай эле... жаңыча айтканда "чимкириктенүү"...
Өздөрү бийликтин башында отургандан кийин "бийлик антти, бийлик минтти", деп кайпактатпай эле, элдин алдында ыйлактабай эле, бийликтин башында турган депутаттары катары ошондой кысымды ким, кайсы кызмат адамы жасап жатканын ачык айтып, а түгүл Жогорку Кеңештин жыйынын чукул чакырууну талап кылып, ошол жерде талкууга коюп, мыйзам алдында жоопкечилигин карашса туура болмок”, - дейт Каптагаев.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив