Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке көзөмөлгө алам

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын жеке көзөмөлгө алам

15 сен 2020, 14:52    bishkek
Жаңы жана профилин өзгөрткөн ооруканалардын даярдыгын, ошондой эле курулуш жана оңдоо иштеринин сапатын жеке көзөмөлгө алам. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди. 
«Бизге берилген отчеттор боюнча бардыгы жакшы. Чындыгында абал баяндамаларда көрсөтүлгөндөгүдөн башкачараак. Мен ар бир курулган жана профилин өзгөрткөн ооруканаларга барып, иш жүзүндө кандай иштер аткарылгандыгын көрүүнү инеттенүүдөмүн. Көрсөтүлгөн медициналык мекемелерге, биринчи кезекте, оору күч алып турган мезгилде жетишпеген медициналык жабдуулар менен камсыздоо керек. Бул өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, рентген-аппараттар, компьютердик томография аппараттары, абаны айлантуучу жабдыктар. Алардын сатылып алынышын жана медициналык мекемелер арасында туура бөлүштүрүлүшүн контролдоо зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
Өкмөт башчы медициналык тез жардам борборлорун тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүүлүгүн белгиледи. 
«Пандемия күчөгөн маалда негизги көйгөй катары тез жардам унааларынын жана бригадалардын жетишсиздиги болду. Тактап айтканда, калктын көп бөлүгү жашаган Бишкек шаарын болгону 38 тез жардам унаасы тейледи. Бул абдан аз. Июнь айына карата 20 жакын унааны жана мобилдик бригаданы коштук. Абал жакшырган жок. Көптөгөн чакыруулар жоопсуз калып, же медиктер чакырууга кечигип келип жатты. Ошондуктан шаар жана айылдарыбызды жетиштүү тез жардам унаалары менен камсыздоо маанилүү», - деп белгиледи Премьер-министр.  
Саламаттык сактоо министрлигинин малыматына ылайык, жыл аягына чейин эл аралык донорлордун долбоору боюнча өлкөгө 115 ашуун тез жардам унаасы алынып келинет, алар аймактарга да бөлүнөт. 
«Тез жардам унаалары менен камсыздоо – маанилүү милдет. Буга катар аларда иштей турган квалификациялуу врачтардан турган бригадалар керектелет. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени чечиши кажет. Тез жардам борборлорунун жана медициналык мекемелердин ишин координациялоону жайгаруу зарыл. Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн тез жардам бригадалары шаар боюнча жүрүп, оорулууну жаткырууга стационарлардан орун табылбаган учурлар болду. Мындайга жол берилбеши керек. Бардык тартылган кызматтардын өз-ара аракеттешүү алгоритми тыкыр иштелип чыгышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив