Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды КНС бошотту

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды КНС бошотту

15 сен 2020, 10:41    bishkek
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.
Кабыл алынган чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт жана Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюуму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:
- дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;
- атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;
- көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;
- токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер; 
- компьютердик томография; - медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер; 
- медициналык жана хирургиялык эмеректер; 
- негатоскоптор. 
Кыргыз Республикасына ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат, анда номенклатурасы, саны, мындай товарлардын баасы, ошондой эле ушундай ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив