Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров: Чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы тийиш

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров: Чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы тийиш

11 сен 2020, 12:00    bishkek
Алдыдагы парламенттик щайлоолорго даярдык көрүү алкагында чет өлкөдөгү шайлоо участоктору тийиштүү жабдуулар жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен өз мөөнөтүндө камсыздалышы керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында билдирди. 
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөдөгү мекендештердин добуш берүүсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо жана биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү тууралуу маалыматы угулду.
Белгиленгендей, чет өлкөдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Аларды тийиштүү материалдык-техникалык база жана гигиеналык коргоочу каражаттар менен камсыздоо маселелери иштелип жатат.
Мындан тышкары, парламенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда коомдук укуктук тартипти камсыздоого тийиштүү маалымат угулду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тийиштүү иш-чаралар планы иштелип чыккан. 
«Чет өлкөдөгү мекендештердин парламенттик шайлоого катышуусу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү керек. Бардык уюштуруу маселелерин өз учурунда аткаруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив