Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкектеги жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасы бардык заманбап талаптарга жооп бериш керек

Премьер-министр Кубатбек Боронов: Бишкектеги жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасы бардык заманбап талаптарга жооп бериш керек

10 сен 2020, 15:45    bishkek
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо тутумундагы кемчиликтерди аныктоо менен жарандардын турмушуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизгенин белгиледи. 
«Түзүлгөн кырдаалды эске алганда, республикадагы медициналык мекемелерде орундардын жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Буга байланыштуу бардык аймактарда ооруканалардын иштебей турган имараттарын оңдоо жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрүүдө, ал эми Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканаларды куруу иштери жүрүүдө. Саламаттык сактоо мекемелерин долбоорлоодо медицина тармагындагы адистердин пикири эске алынды», – деди Премьер-министр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү курулуш иштери белгиленген мөөнөткө ылайык жүрүп жатканын айтышты. 
Премьер-министр оорукананын үч бөлүмүн – жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, кош типтүү палаталары боло турган бөлүмдөрдү көрүп чыкты.  
Долбоорлоо жана курулуш иштери жайкысын салкын, кышкысын жылуу боло тургандай атайын эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары оорукананын коридорунан адамдар бири-бири менен байланышта болбош үчүн ар бир палатадан өзүнчө чыга турган жол болот. Жаңы ооруканада интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрү да каралды. Дарылоо жүргүзүлө турган бардык палаталар жана бөлмөлөр керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, санитардык-эпидемиологиялык нормаларга жооп берет. 
Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын өкүлдөрү белгилегендей, мекемеде медициналык дары-дармепектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү запасы бар, ал эми медициналык кызматкерлерге белгиленген компенсацияларды төлөп берүү өз учурунда жана толугу менен ишке ашырылууда.
«Бүгүнкү күндө республика заманбап жабдылган жаңы инфекциялык ооруканага, иштеп жаткан мекемелерди реконструкциялоого муктаж. Медициналык адистердин коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдыгы тууралуу божомолун эске алуу менен Өкмөт тарабынан курулуштагы тез тургузулуучу ыкмаларды пайдалануу чечими кабыл алынды. Бул ыкма медициналык мекемелердин жаңы имараттарын кыска мөөнөттө курууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө маанидеги объект, финансылык каражаттарды бөлүү боюнча маселе жаралбашы керек», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив