Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Кылмышка шектүү Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы дагы жасалма болуп чыкты

Кылмышка шектүү Кубанычбек Кулматовдун жарандыгы дагы жасалма болуп чыкты

18 июн 2018, 14:15    bishkek


Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду.Бул тууралуу 18-июнда Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун баш коргоо чарасы каралган учурда белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочунун билдиришинче, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде 14-июнда козголгон.
УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берип, атайын билдирүү таратты. Анда 1995-жылдын 11-октябрында Кубанычбек Кулматов СССРдин жалпы паспортун жоготуп алганына байланыштуу Орусиянын паспортун алган. Ал эми 1996-жылы 26-ноябрда ал мурдагы жоготкон СССРдин паспортун бетке кармап, Кыргызстандын жарандыгын алып, паспортко ээ болгон. “1996-жылдын 26-ноябрында Орусиянын жараны болуп туруп, мурдагы жоголгон "СССРдин жараны" деген паспортун колдонуу менен Бишкектин Биринчи май райондук паспорт столунан мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгы боюнча паспорт алган. Кийин 2001-2003-2013-жылдары ал паспортторду жаңы паспортторго алмаштырган. Мындай кадам менен Кулматов паспорттук столдун кызматкерлеринин көзүн жазгырып, мыйзамсыз түрдө "Кыргыз Республикасынын жараны" деген паспортту алган”, - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Кулматовго коюлган бул айып өтө оор кылмыш болуп эсептелет. Буга чейин деле аны Россиянын жараны деп далай адамдар айтканы менен, тиешелүү органдар экс-президент Алмазбек Атамбаевден коркуп кылмыш ишин козгой албай келген. Анткени Атамбаев 6 жыл бою Кулматовду калкалады. Эми болсо акыйкаттык орноп, бул көрүнүш көз жаздымда калбады. Андыктан Кыргызстандын мыйзамсыз жараны Кулматов татыктуу жазасын алсын. 

скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив