Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Кредит менен гранттын айырмасы билбеген, жалаң цифра менен мактанган Атамбаевдин маалыматчылары 

Кредит менен гранттын айырмасы билбеген, жалаң цифра менен мактанган Атамбаевдин маалыматчылары 

13 июн 2018, 10:56    bishkek
0 комментарий   


Алмазбек Атамбаев статуэтка менен өзүнүн мурдагы маалымат катчысы Алмаз Үсөновдун көзүнүн алдын жара койгону туура эле болгон экен дегендер арбын. Себеби, бул агабыз маалымат саясатын да туура жөндөй албай турганын далилдеп атат. Мурдагыларына токтолбойлу, акыркы кадамдарынын бирөөсүн эле мисалга тарталы.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары менен экс-президент А. Атамбаевдин мурда Кытайга жасап келген сапарларын салыштырып өтүшүптүр, албетте өздөрүнө тиешелүү орус тилдүү интернет сайты аркылуу. Анда Атамбаевдин Кытайга алты ирет сапар жасаганы жана алардын арты менен Кыргызстан үчүн кредиттер жана гранттар өтө көп келгенин айткан. 
Анан мисал катары, Балыкчы-Жалал-Абад (Түндүк-түштүк) автожолун курууга – 400 млн доллар, Бишкек ТЭЦин модернизациялоого – 386 млн доллар, «Датка-Кемин» ЛЭПти курууга – 400 млн доллар, Кыргызстандын түштүгүндө электр линиясын тартуу модернизациясына 208 млн доллар, Бишкек-Балыкчы автожолунун 147ден 171 километриндеги участкасын реабилитациялоого 38 млн доллар, Бишкектин көчө-жол түйүнүн өнүктүрүүгө – 73 млн доллар, Бишкектин көчө-жол түйүнүн өнүктүрүү - 2ге – 42 млн доллар Кытайдан келгенин көрсөтүшкөн.
Албетте, мунун баары жалган эмес, чындыгында Кытайдан ошончо миллиондор келди. Бирок, алар канчалык деңгээлде максаттуу пайдаланылды? Кеп мына ушунда. Мына ушул А. Атамбаевдин убагында Кытайдан келген кредиттер менен гранттардын көпчүлүк бөлүгүг коррупциялык жол менен жеке адамдардын чөнтөгүнө сойлоп кеткени бүгүнкү күндө ачыкка чыгып атпайбы. Анан ошону менен мактанууга болобу?
Аталган интернет сайт А. Атамбаевдин мындан төрт жыл мурун Кытайга барган сапары менен учурдагы президент С. Жээнбековдун сапарын салыштырган. Ал салыштыруу таблицасында А. Атамбаев 2014-жылы 17-21-май күндөрү Шанхайга барганда Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 386 млн доллар, Түндүк-түштүк жолун курууга 400 млн доллар кредит менен келгенин, ал эми үстүбүздөгү жылдын 608-июнь күндөрү президент С. Жээнбеков Пекинге жасаган сапарында лаборотория курууга, Бишкек шаарынын жолдорун оңдоого, инновациялык технопарк түзүүгө, археологиялык эстеликтердин реставрациясына жалпысынан 100 млн доллар алып келгенин көрсөткөн.
Муну менен алар «Атамбаев бир эле сапарында 786 млн доллар алып келген, Жээнбеков болгону 100 млн доллар алып келди» дегенди айткылары келгени түшүнүктүү. Бирок, бул өздөрү түзгөн таблица өз баштарына келип эле «каңк» дей түшкөнүн билбей калышты окшойт. Ошол ТЭЦти модернизациялоого алып келген 386 млн доллары боюнча бүгүнкү күндө 10 экс-чиновник камакта жатат. Дагы 34 адамдын камалышы күтүлүүдө. Себеби, ТЭЦти модернизациялоодо 640 долларлык кычкачтар пайда болуп кеткенин коомчулук жакшы билет.
Ал эми түндүк-түштүк жолунуну курулушуна коротулган миллиондорду да текшерүүгө туура келет. Бир жерден «жеген» адам, аны экинчи жерден да сөзсүз кайталайт.
Эми эң негизгисине токтололу, президент С. Жээнбековдун Кытайга сапарынын алкагында Кыргызстанга бериле турган болгон 100 млн доллар бул кредит эмес, ал кайтарымсыз грант. Андыктан кредит менен гранттын айырмасын да билиш керек.  


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;