Экс-президент Алмазбек Атамбаев 9-10-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасына барып келгени белгилүү болду. Ал жактан кандайдыр бир форумга катыша турганын да алдын-ала айтып, пиар кылышкан.
Ошол жактан Атамбаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушканын анын маалыматчылары өтө катуу пиарлашты. Кудум асмандан Атамбаевдин башына кут түшкөндөй эле сүйүнүштү. Же болбосо мындайды «Энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүштү» деп коет.
Бирок, бизге ишенимдүү булактардан келген маалыматка караганда, бул жолугушуу Атамбаев үчүн кубанычтуу деле болбоптур. Экөө жолугушуп, маңдай-тескей отурушканда Атамбаев адатынча «күлүп-жайнап»: «Мен дайындап кеткен жаш өкмөт башчы Сапар Исаков азыр иштеп атат. Ал мындан ары дагы иштей берет. Андыктан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун өзүм контролдоп берем», - деп көкүрөк кагат.
Кытай башчысы Си Цзиньпин кантсе да мыйзамды сыйлаган жана өтө чоң тажрыйбалуу жетекчи эмеспи, ал акырын гана: «Кечирип коюңуз, мен эми Кыргызстандын жаңы шайланган президенти менен гана иштешем» деген жоопту узатыптыр. Демек, Кытай экс-президент аркылуу эмес, Кыргызстандын расмий бийлиги менен түз кызматташа турганын билдиргенин түшүнөбүз.