Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Унутулган суроо: Былтыр кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан миллиондогон сом зыян тарткан ишкерлерге өкмөт эмне кылды?

Унутулган суроо: Былтыр кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан миллиондогон сом зыян тарткан ишкерлерге өкмөт эмне кылды?

18 апр 2018, 11:35    bishkek
0 комментарий   
17-апрелде парламенттеги үч оппозициялык фракция – «Өнүгүү-Прогресс», «Республика-Ата Журт» жана «Ата-Мекен» депутаттарынын алдында премьер-министр С. Исаков өкмөттүн 2017-жылга карата отчетун берди. Башында эле айтып коелу, бул фракциялар өкмөттүн ишине «2» деген баа беришти. Жыйында өкмөт башчыны жарга такаган өтө курч суроолор берилди. Бишкек ТЭЦи, «Кумтөр», «Акылдуу шаар», Тогуз-Тородогу окуя сыяктуу маселелер Сапар мырзаны жакшы эле алдастатты. Бирок, эмнегедир депутаттар тарабынан өтө кызык бир суроо жолдонбой калды. Же муну депутаттар унутуп калышты окшойт. Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында, ал кездеги мамлекет башчысы А. Атамбаевдин Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин дарегине карата айтылган ээнооздугунан улам кыргыз-казак чек аралары жабылып калган болчу. Натыйжада дээрлик бир ай бою чек ара ачылбай, далай ишкерлер миллиондогон зыян тартышты. Карапайым калк кыйналды.
Ошол мезгилде С. Исаков чет өлкөгө жасаган сапарларынын биринде казак лидери Н. Назарбаев менен катар баса коюп, кыргыз-казак чек арасы тууралуу жөн эле ооз учунан сүйлөшүп койгонун расмий сүйлөшүү жасагандай түр менен пиар кылып жиберген. «Премьер-министр С. Исаков Казакстандын президенти Н. Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасы боюнча сүйлөштү. Жакында ал чек ара ачылат», - деген маалыматты анын маалымат кызматы жарыялап жиберген. Бирок, расмий Астана бул маалыматты жалганга чыгарган.
Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Минскиде Назарбаев менен жолугуп, чек ара маселеси тууралуу кеп козгоп, андан кийин Астанага жасаган сапары аркылуу бул маселени толук чечип келген.
Демек, С. Исаков жалган маалымат берип алганы үчүн да эч кимден кечирим сураган жок. Дагы бир кызык жагдай, ошол чек ара жабылып турган учурда бир топ ишкерлер миллиондогон зыяндарды тартышты. Аларга карата өкмөт тарабынан кандайдыр бир деңгээлде компенсация да жасалбаптыр. Ошондо С. Исаков кантип ишкерликти өнүктүрүү тууралуу кеп кыла алат? Ишкерлерге шарт түзө албаса же түзүлбөгөн шарттан улам пайда болгон зыяндарды компенсация кыла албаса, анда ишкерлерди колдоо боюнча анын кеп кылганга акысы барбы? Мына ушул суроону да депутаттар бериши керек эле. Балким, кийинки жыйындарда эл өкүлдөрү ушул суроого да кызыгып көрүшөөр.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;