Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда Асылбек уулунун камактагы мөөнөтү узартылды

Казакстанда Асылбек уулунун камактагы мөөнөтү узартылды

05 май 2018, 10:06    bishkek
Февралда Казакстандын түштүк аймактарында өткөрүлгөн атайын операциялар маалында кармалган кыргыз жана казак жарандарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар чек ара аркылуу товарларды аткезчилик жол менен өткөрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Алматы соту кабарлады.

«Алмалы райондук соту Кыргызстан менен Казакстан жарандарынын камактагы мөөнөтүн 16-майга чейин узартты», — деп жазылган соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

15-16-февраль күндөрү өткөрүлгөн атайын операциялардын жыйынтыгында 35 шектүү кармалган. Алардын арасында үч кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон.

Кыргызстандын жарандарына карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

17-февралда Алматынын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16-апрелед Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга чейин Казакстан ТИМи Асылбек уулунун казак паспорту бар экенин билдирген. Бирок анын туугандары бул маалыматты четке кагышкан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив