Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Кытайдан келген «тоок» бизнеске «крыша» болгон С.Исаков

Кытайдан келген «тоок» бизнеске «крыша» болгон С.Исаков

02 май 2018, 13:22    bishkek
Кечээ жакында С.Исаков КСДП лидеринин орун басары болуп дайындалды. Дайындалганы ушул – А.Атамбаевдин жеке чечими болду. Айтмакчы, А.Атамбаев Сапар Исаковду бир нече жолу өзүнүн «оң колу» экенин айткан жайы бар. Кыска убакыт аралыгында президенттик аппараттагы бөлүм башчылык кызматтан бакандай премьер-министрликке чейин көтөргөн.

Баса, А.Атамбаев президент болгонго чейин С.Исаков качкын президент К.Бакиевдин уулу Максим менен ЦАРИде чогуу иштеп, айтор күн тиген жердин күкүгү болуп келген. Андыктан, саясый күрөштө өз позициясын көрсөтө албаган клеркти өкмөт башчы кылып коюнун өзү осол иш болгон десек болчудай.

Ал эле эмес, коррупциялык иштерге аралашып, бизнесмендерге «крыша» болуп, үлүш алып жүргөнүнө кандай баа беребиз. Маселен, «Авангард стиль» курулуш компаниясында үлүшү бар деп келишет. Андан сырткары Кытайдан тоок эттерин ташып келип, аны Кыргызстандын аймагында реализация кылууну да толугу менен көзөмөлдөйт. Кечээ жакында эле борбор калаабыздагы «Ала-Тоо» ресторанынан тоок этинен жасалган тамактан 240 адам ууланган. Ошондо ал «ууланууга» С.Исаковдун да тйиштиги бар болуп жатпайбы?
Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда Кыргызстанга келчү баардык инвестициялар С.Исаков аркылуу өтөт. Мындан улам мамлекетибиздеги ири долбоорлорду реализациялоодо К.Султанов менен кытайлык «China Road» жана ТВЕА компанияларынын ортосунда ортомчу болгон. Айтор С.Исаковдун былыгы чачтан көп.

Анан ушундай адамды, тактап айтканда КСДП мүчөлөрү саясый күрөштө кан кечип салгылашып жүргөндө Максимдин жанында жылуу орунда отурган Сапардын бүгүн КСДПга орун басар болуп келишинин өзү көп суроолорду жаратууда. Мунун өзү КСДП партия катары чоӊ кризиске кептелгенин айгинелеп тургандай. Болбосо КСДПнын чыныгы мүчөлүрү неге үн катпайт дейм да.

Булак: "Факт" сайты
скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив