Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөнов «от» менен ойноодон оолак болушса!

Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөнов «от» менен ойноодон оолак болушса!

25 апр 2018, 12:37    bishkek
0 комментарий   



Экс-президенттин башкы «пиарщиктери» саналган Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөнов аз күн мурда mnenie-center деген орус тилиндеги сайтты ишке киргизгенин буга чейин маалымдаганбыз. Маалыматтык коом өнүккөн заманда 1 эмес, 10 сайтты ачышсын, ага ич күптүлүгүбүз деле жок. Бирок сайтты ачуу менен алар коомчулукту маалыматтар, өлкөдө болуп жаткан окуялар менен тааныштырууну көздөшөбү? Же алардын көздөгөнү башкадабы? Маселенин баары ушунда.
Тилекке каршы, «жыгылган күрөшкө тойбойт», «бийликтен кеткен кайрадан бийликти эңсейт» дегендей Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөнов кутумдукту гана көздөп жатышпайбы! Буга аталган сайтка баш баккан адам оңой эле ынанбай кое албайт. Сайт кандай болбосун азыркы президентти, анын айланасындагыларды каралап, элге мокочо көрсөтүүнү максат кылганын аңдоо кыйын эмес. «Үй-бүлөлүк клан орун алды, трайбалисттик саясат жүргүзүүдө» деген сыяктуу маанайдагы макалаларды байма-бай жазышууда. Бирок анда бул айтылгандар эч кандай факты, аргументтер менен бекемделбейт. Жалпы сөз, иши кылып эле президентти каралап, элде бүгүнкү бийликке карата терс ой, пикир жаратуу болууда. 
Баарынан кызыгы, Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөновдун «чыгармачылыктары» менен жаралган макалалардын авторлору болуп  Валерий Мамонтов, Светлана Абдулина дегендер жазылууда. Бул эмне дегендикти билдирет? Бул эки эргул Кыргызстандын ичинен президент Сооронбай Жээнбековго каршы ой, пикир айтчу эч кимди таба алышпай, айласы кеткенде аты-жөнү эч кимге белгисиз орус авторлорунун макалалары кылып кетиргенге өтүштү. Минткенге алар аргасыз. Анткени, Кыргызстандагы бир да эксперт, саясат таануучу Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан иши, өкмөттүн алмашуусу боюнча терс пикир айтпайт. Себеби, президенттин жүргүзүп жаткан саясаты, өкмөттүн алмашуусу туура болгонун белгилешип, коррупцияга менен күрөшүү аракеттерин колдоого алып жатышат. Муну жалпы эл да, коомчулук да көрүп, билүүдө. Ошондуктан өздөрү ойлоп чыгарган авторлорду жазып коюшуп, Ниязов менен Үсөнов жалган маалымат, жасалма пикирлер менен элди алдагандарын токтотушса!
Mnenie-center сайтынын максаты саясий стабилдүүлүктү бузуп, элди бүгүнкү бийликке каршы тукуруу экенин жогоруда айттык. Муну дагы бир жагдай ырастайт. Сайтта президентти каралоого өткөн макалалардан сырткары, Армениядагы акыркы саясий окуяларга басым жасалганын көрүүгө болот. Муну менен менен Ниязов жана Үсөновдун көздөгөнү эмне? Сыягы, кутум ойлорунда бизде да Армениядагыдай болсо деп ойлошот окшойт. Анын ал кутум ойлорун элге, коомчулукка таңуулап жаткандары го. Бирок алар Кыргызстан менен Армениядагы акыркы окуяларды, Сооронбай Жээнбеков менен Серж Саргсянды салыштыруу дегеле болбостугун билишпейби? Билбесе айта кетели, Серж Саргсян туугандашкан бийликти түзгөн, коррупцияга дурус эле баткан, президенттиктен кетсе да бийликти колдон чыгаргысы келбеген, бийликти узурпациялоону каалаган адам экен. Армян эли ага каршы турду. Ал эми Сооронбай Жээнбеков коррупциялык, жаман иштерге аралашпаган, өмүр бою таза иштеп келаткан, бийликке келгени коррупцияга каршы күрөштү баштап, элдин кызыкчылыгындагы саясат жүргүзүүнү баштаган адам. Андыктан Ниязов менен Үсөнов ушуну эске алып, орунсуз салыштырууларын токтотуп, «от» менен ойноодон оолак болушса. Болбосо…


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;