Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Атамбаевдин трайбализмди жүргүзгөн орус тилиндеги сайты ачылды. Кош келиңиздер!

Атамбаевдин трайбализмди жүргүзгөн орус тилиндеги сайты ачылды. Кош келиңиздер!

24 апр 2018, 12:46    bishkek
0 комментарий   

mnenie-center.ru деп аталган трайбалисттик саясат жүргүзгөн жаңы орус тилиндеги сайт ачылды. Сайттын аталышы россиялык сайттардай болгону менен, анын ээлери АШАнын (Алмазбек Атамбаев) маалыматчылары Алмаз Үсөнов менен Фарид Ниязов экенин оңой эле билүүгө болот. Борбор калаабыздагы «Форум» ишканасынын бункеринде эле бул сайт ишке киришкенин да айтып коелу.
Мына ушул сайт «Отверженный Талас. Сооронбай Жээнбеков повторяет ошибки Бакиева и Акаева» деген темада трайбалисттик маанайдагы макаласын жарыялады. Аны окуган адам макаланын автору Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн таптакыр күйбөй тургандыгын баамдайт. Макалада «Кыргызстанда көп сандагы түрдүү улуттар жашай тургандыгына карабастан, аны моноулуттуу мамлекет катары санаса болот. Титулдук улут калктын 70%дан ашуунун түзөт жана акыркы эки он жылдыктагы тенденция республикада этникалык орустардын, Кавказ элдеринин жана башка улуттардын кескин кыскарып кеткенин көрсөтөт» деп жазат. Муну эмне себептен жазып атканын да аңдабай коюуга мүмкүн эмес. Кыязы мунусу менен автор «башка улуттарга жаман мамиле жасалат» дегенди айткысы келген. Бирок, реалдуулукта андай эмес экени белгилүү. Кыргыз эли башынан меймандос эл, өзгө улуттарга ар дайым сый мамиле кылып келген. Ал эми макалада жазылгандай тенденция СССР урагандан кийин бардык эле анын курамындагы республикаларда орун алган. Муну танууга болбойт.
«Кыргызстанда кандайдыр бир автономия жок жана анын бардык жети облусу жалпы юрисдикциянын алдындагы бир бүтүндүк болуп саналат», - деп жазганын кандай баалайбыз? Муну жазган адам Кыргызстандын анык душманы экенин өзү эле далилдеп атпайбы. Кыргызстан өзү кичинекей эле өлкө болсо, анан анда дагы кандайдыр бир автономия болушун каалап жаткандай. Кыргызстанга салыштырмалуу аянты боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн катарына кирген Казакстанда деле эч кандай автономия жок экенин неге айтышпайт?
Анан дагы макалада «Кыргыздар башынан эле жердешчиликке бөлүнүп келишкен, бул мындан ары деле калбайт» деген пикирди таңуулайт. Эгерде автор кыргыз элине, кыргызстандыктарга жакшылык кааласа, анда мындай кутумдугун жасабайт эле. Кыргыз эли башынан ынтымагы бекем, биримдиги чың эл. Эч качан бөлүнүүгө жол бербейт. Кыргыздарды бөлөм деген аракеттер буга чейин өтө көп болгон. Бирок, элибиз даанышмандыгы менен андай кара мүртөздөрдүн тилегин таш каптырып келген.
Андыктан орус тилинде сайт ача коюп, АШАнын жансакчыларынан, шоопурларынан, күйөө балдарынан, кудаларынан, катчыларынан куралган кландын алты жыл ичинде жасаган коррупциялык иш-аракеттеринен элдин көңүлү башка нукка буруу аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Мындай аракети АШАнын маалыматчылары А. Үсөнов менен Ф. Ниязов экөө өздөрүнүн чыныгы бет каптарын сыйрып, өз өлкөсүнө кыянатчылык кыла ала тургандыгын гана көрсөтүшүүдө.  



скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;