Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Издөө
» » Албек Ибраимов өзү менен кошо Исхак Пирматовду дагы түрмөгө ала кетеби?

Албек Ибраимов өзү менен кошо Исхак Пирматовду дагы түрмөгө ала кетеби?

24 апр 2018, 12:44    bishkek

Таза эмес жол менен табылган байлык адам баласына тынч уйку бербей турганы түшүнүктүү эмеспи. Бирок, ошону пенде деген өз убагында байкабай калат тура, дүйнөдөн көзү катып. Анан качан гана былыктары чыга баштаганда уйкусу да тынч болбой, жегени да аш болбой, чемоданына улам жаңы кийимдерин таптап салып, «Качан болсо да качканга даяр турайын» деп калат тура.
Азыркы тапта дал ушундай абалда Бишкек мэри Албек Ибраимов турат. Маалыматтарга караганда жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште А. Ибраимовдун ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия түзүлөт экен. Ага чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары да шаар мэринин ишмердүүлүгүн талкуулай турганы кабарланган. Ошентип шаардык кеңеш да, Жогорку Кеңеш да катуу киришип калганына караганда Албек мырзанын чемоданын жыйноочу мезгили жакындап калган сыяктуу.
Буга чейин анын 84 гектар жерди 5 жылга ижарага берип жибергени, ашып кетсе 1000 сомдон боло турган көчөттөрдү 9090 сомдон чет мамлекеттен сатып алганы сыяктуу былык иштеринен тышкары А. Ибраимов «Манас» аэропортун жеке менчигиндей эле башкарып атканы да ачыкка чыга баштады. Аэропорттон түшкөн кирешенин көпчүлүк бөлүгү эле Албек мырзанын алкымын майлап турат экен.
Эгерде шаардык кеңештин, Жогорку Кеңештин депутаттары «Манас» аэропорту боюнча дагы А. Ибраимовдун ишмердүүлүгүн иликтөөгө алышса, анда кайырмакка Исхак Пирматов да кошо түшүп калышы мүмкүн. Себеби, экөөнүн өмүрлүк жарлары «Манас» аэропортуна жанар май ташышарын жакшы билет эмеспизби. Ошентип бирине бири байланыштуу болуп калган экөөнүн түрмөнүн торуна жайгаштырып койсок, калган коррупционерлер үчүн да сабак болот эле.
А баса, дагы бир жагдайды айта кетели. Борбор калаабыздагы «Ош базарында» үчүнчү ирет өрт чыккандан кийин шаар мэри А. Ибраимовдун ««Ош базарын» шаардын сыртына көчүрүү планы бар, мындай базарлар шаар сыртында болушу керек» деп комментарий бергени күнүмдүк тиричилигин өткөрүп аткан соода кылуучу жайларынан, товарларынан ажырап, кайгыга батып турган соодагерлердин жинин шакардай кайнатып атыптыр. «Муну Албек Ибраимов эле атайын жасатып аткан турбайбы» деп бир даары күжүлдөшсө, дагы бир даары «Эгерде дагы бир жолу «Ош базарында» өрт чыкса, анда Албектин үйүн барып өрттөп кетип кетиш керек» деп катуу кекенип турушат дешет. 


скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив