Араб жаштары биригип Кыргызстанга төрт мектеп курушат
«Его борьба». Президент Жээнбеков отвечает требованиям общества на антикоррупционные посадки
Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Издөө
» » Казакстанда Каспийдин укуктук макамы тууралуу конвенцияга кол коюлду

Казакстанда Каспийдин укуктук макамы тууралуу конвенцияга кол коюлду

13 авг 2018, 09:55    bishkek
0 комментарий   
Казакстанда өткөн саммитте Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу конвенцияга Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери кол коюшту.
Тараптар макулдашууга 20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишти.
Документке ылайык, деңиз бетинин негизги бөлүгү жалпы колдонууда кала берет. Түбү менен кен-байлыктарын, анын ичинде мунай корун коңшу өлкөлөр өз ара тил табышуунун жана эл аралык укуктун негизинде бөлүп алышат. Андан тышкары кабыл алынган конвенцияда аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн Каспийге жайгаштырууга тыюу салына турганы жазылган.
Саммиттин жүрүшүндө аталган беш өлкөнүн лидерлери ири долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык факторду дагы эске алууну убадалашты.
Каспий деңизин бөлүшүү маселеси 1992-жылдан бери талкууланып келген. СССР кулагандан кийин Каспийдин боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн алдында мунай жана газ кендерине бай ири деңиздин укуктук макамын аныктоо маселеси жаралган.
Чалгындоо иштеринин болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Каспий шельфинде 50 миллиард баррель мунай жана дээрлик тогуз триллион куб метр газ бар. Дүйнөлүк базардагы азыркы баа боюнча бул бир нече триллион долларга барабар.


скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;