Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарынын мэри: «Баардык ишканалардын техникаларын жаңылап берүү эң башкы максатыбыз...”
Шамиль Атаханов думал, что заключение под стражу – это путевка на курорт?
Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири
Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жолдонду
Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясый илимдердин доктору, профессор, экс-депутат: “Мелистин сыртта жүргөнү Кыргызстанга аброй алып келбейт”
Приятная новость для фемеров: сняты ограничения на ввоз сельхозпродукции
Кулматов менен Ибраимов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган
Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан придает первостепенное значение вопросам дальнейшего углубления региональной интеграции в рамках ОДКБ
Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист
Турсунбек Акун: "Батукаевди чыгаруунун башында Атамбаев өзү туруп, Данияр Нарынбаев көзөмөл кылган"
Азимбек Бекназаров: "Саясатта Матраимов “ноль”, жок адам"
Сооронбай Жээнбеков: Наша экологически чистая агропродукция конкурентоспособна на международном рынке
Издөө
» » NASA агенттиги Күндү изилдөө үчүн Parker зондун учурду

NASA агенттиги Күндү изилдөө үчүн Parker зондун учурду

13 авг 2018, 09:53    bishkek
Америкалык NASA космос агенттиги 12-августта Күндү изилдөө үчүн Parker илимий зондун учурганын билдирди. Ал космоско Флорида штатындагы Канаверал булуңунан Delta IV Heavy деп аталган ракета алып жүрүүчү кеме менен жөнөтүлдү.
Delta IV Heavy – Falcon 9 Heavy ракета алып жүрүүчүсүнөн кийинки дүйнөдөгү эң кубаттуу кеме болуп эсептелет. Илимий зонддун көлөмү анча чоң эмес автоунаа менен тең жана салмагы 650 килограммды түзөт. Күн миссиясын аткарууда анын ылдамдыгы саатына 700 миң чакырымга чейин жетип, тарыхтагы эң тез космос аппараты болуп калат.
10 жыл даярдалган миссияны космоско 11-августта учуруу пландалган. Бирок бир нече майда мүчүлүштүктөр аныкталгандыктан, аны учурууну бир суткага жылдырууга туура келген. «Паркер» аппараты белгиленген жерге 2024-жылы жетиши керек. Ал күнгө алты миллион чакырымга чейин жакындайт. Буга чейин күнгө бир дагы космос аппараты мынчалык жакын учуп барган эмес.
Күндүн жарык таратуусун жана күн шамалын изилдөө быйыл декабрда башталат.
Parker миссиясы – НАСАнын көзү тирүү адамдын атынан аталган алгачкы экспедициясы. 91 жаштагы окумуштуу Юджин Паркер Күн физикасы боюнча адис. Ал 1958-жылы алгачкы болуп күн шамалынын бар экенин айткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив