Кто станет новым главой МИДа? - Гульмира Тыналиева
Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Издөө
» » Өзбекстанда быйыл Мажбурлап аткартуу бюросунун 96 кызматкери жарандардын кол салуусуна кабылган

Өзбекстанда быйыл Мажбурлап аткартуу бюросунун 96 кызматкери жарандардын кол салуусуна кабылган

10 авг 2018, 15:48    bishkek
0 комментарий   
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарандардын Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерине кол салуусу боюнча маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, быйыл мекеменин 96 өкүлү коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар жарандардын кол салуусуна дуушар болгон.
– 34 учур боюнча «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» беренеси менен кылмыш иштери козголгон. Андан тышкары 20дан ашык административдик иш бар. Калгандары боюнча азыр тактоо иштери жүрүүдө», — деди Мажбурлап аткартуу бюросунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Фаррух Ташпулатов.
Ал белгилегендей, инспекторлор өз аймактарындагы агрессивдүү керектөөчүлөрдү жакшы билишет жана керек болгон учурда алардын коопсуздугун укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздап беришет.

19-июлда Мажбурлап аткартуу бюросунун Анжиян облустук бөлүмүнүн кызматкерине жергиликтүү тургун бычак менен кол салып, ал ооруканага жатып чыкканы кабарланган. Кол салган адамга жергиликтүү милиция тарабынан кылмыш иши козголгон.
Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу президент Шавкат Мирзиёевдин былтыр 29-майдагы жарлыгы менен түзүлгөн. Мекеме энергоресурстар үчүн төлөмдөрдүн өз убагында аткарылышын көзөмөлдөйт. Инспекторлор газ жана электр жарыгы үчүн өз убагында акча төлөбөгөн жарандардын мүлктөрүн алып коюуга укуктуу.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;