Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелери айыппулга жыгылды

Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелери айыппулга жыгылды

10 авг 2018, 10:14    bishkek
0 комментарий   
Шымкент шаарында мектепке диний кийимчен барган 22 окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды. Калаанын Билим берүү департаментинен билдиргендей, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген.
Маалыматтарга караганда, “билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга” байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн баш тартууда.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында “жоолук жаңжалын” жараткан. Аталган аймактарда хиджапчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдогон.
Быйылкы окуу жылынын соңунда Казакстан билим берүү жана илим министрлиги Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскерткен.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;