Атамбаев кайсы эмгеги үчүн 160 миң сом пенсия алат?
Уголовное дело против Сарпашева будет возобновлено
Эмил Каптагаев: "Камалгандардын баары таза деген Атамбаевдин сөзүнө ким ишенет?"
АКШга сапар: президент С. Жээнбеков БУУнун сессиясында олуттуу маселелерди козгоду
Бердибек Жамгырчиев, акын: "Рыскелди Момбеков уйкаштырып сүйлөсө эле укмуш сүйлөп жатам деп ойлойт окшойт бул дөөпарас..."
Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Издөө
» » Тажик таксисти америкалык туристтерге жоголгон документтерин кайтарып берди

Тажик таксисти америкалык туристтерге жоголгон документтерин кайтарып берди

10 авг 2018, 09:55    bishkek
0 комментарий   
Душанбелик таксист америкалык жубайларга унаада унутуп кеткен капчык жана документтерин кайтарып берди.
23 жаштагы Мухаммед Изатуллоев унаасынан таап алган капчык менен документтерди чет өлкөлкөлүктөргө кайтаруу менен тажик элинин меймандостугун көрсөткүсү келгенин билдирди.
Таксисттин айтымында, 8-августта америкалык Мэтью Пушел жубайы жана кичинекей баласы менен Тажикстанда саякаттап жүргөн. Мухаммед аларды каалаган жерине жеткирип, кайра кайткан учурда арткы орундукта капчык жана документтердин калганын байкаган. “Эмне кылуу керектигин билген жокмун. Апам чет өлкөлүктөрдү таштаган жерге барууга кеңеш берди. Мен бардым, бирок аларды тапкан жокмун. Андан соң “Коопсуз шаар” борборуна кайрылдым”, -деди ал.
Тажикстан ИИМи бул окуя тууралуу маалыматты өз сайтына жайгаштырды. Укук коргоо мекемесинин басма сөз кызматы Мэтью Пушелден маек алган: «Капчыгымды жана документимди таксиде унутуп калганым үчүн күнөөлүүмүн, мен аларды табам деп үмүттөнгөн эмесмин. Бирок туристтик полициянын жардамы менен 20 мүнөттө таптык. Мага капчыгымды жана документтеримди кайтарып беришкенде, көзүмөн жаш тегеренди, бул мен үчүн сюрприз болду, себеби эртең үй-бүлөм менен Америкага кайтышым керек болчу», - деген ал.
Милициянын туристтик бөлүмү Дангарада велосипедчендерге аёосуз кол салуудан үч күн өткөн соң түзүлгөн. Алар коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздукту камсыздоо, чет өлкөлүк туристтерди коштоо, аларга керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;