Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Эмилбек Каптагаев: "Атамбаевдин доорунда репрессия күчөп, жалган жалаа менен куугунтукталгандар көбөйгөн!"
Сагынбек Абрахманов, член СДПК: "Её могут убить атамбаевские люди, а виноватой сделать власть!"
Атамбаев в своем интервью на "Апреле" хвастается своим богатством и оправдывает свое правление
Издөө
» » АКШда кармалган казак жарандарына айып тагылды

АКШда кармалган казак жарандарына айып тагылды

09 авг 2018, 16:41    bishkek
0 комментарий   
АКШда алдамчылык иши боюнча кармалган үч казак жаранына акчанын изин жашыруу айыбы тагылды. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.
Анын айтымында, аларга айып 8-августтагы алгачкы соттук угуу маалында тагылды. Кийинки отурум октябрга белгиленди.
Казакстандын үч жараны – Диора Аширова, Азиза Жалолова жана Елена Кудайбергенова башка 22 киши менен бирге алдамчылык иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жатышат. Эгер алар бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин казак ТИМи бир казакстандык ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганын кабарлаган.
Өткөн айда АКШнын Юстиция министрлиги 25 киши, анын ичинде мурдагы СССР өлкөлөрүнүн, АКШнын жана Түркиянын жарандары автоунаа сатууга байланышкан ири алдамчылыкка айыпталып жатканын кабарлаган.
Маалыматка караганда, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;