Как Атамбаев попиарился на Аксыйских событиях и снова напомнил о себе
Кылдан кыйкым издеген жарабайт 
Баткен облусунун Кадамжай районунда “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
В связи с чередой громких арестов приближенных Атамбаева, рейтинг последнего резко пошел вниз 
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
Издөө
» » The Guardian: АКШнын Москвадагы элчилигинде орусиялык чалгынчы иштеп келген

The Guardian: АКШнын Москвадагы элчилигинде орусиялык чалгынчы иштеп келген

03 авг 2018, 09:37    bishkek
АКШнын Москвадагы элчилигинин кызматкерлеринин арасында жашыруун түрдө он жылдан ашык орусиялык чалгынчы иштеп келген. Бул тууралуу британиялык The Guardian гезити атайын кызматтардагы булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, орусиялык анда тыңчылык менен алектенген болушу мүмкүн. Билдирүүдө дипломатиялык миссиянын кызматкеринин аты-жөнү жана кайсыл кызматта иштегендиги айтылган эмес.

Аны АКШнын Жашыруун кызматы жалдаганы кабарланууда. Ыктымал чалгынчы ички түйүнгө жана элчиликтин электрондук почтасына кирүү мүмкүндүгүнө ээ болгон. Басылма ал жашыруун маалыматтарды, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенстин графигин алган болушу мүмкүн деп эсептейт.

2016-жылы америкалык миссиянын алдындагы аймактык коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү аталган кызматкердин Орусия ФСБсынын өкүлдөрү менен болгон тез-тез жолугушуусуна көңүл бурушкан. The Guardian белгилегендей, АКШнын Жашыруун кызматынын имиджин бузбоо үчүн орусиялык кызматкерди коомчулукка жарыялабастан эле акырын жумуштан кетиришкен. Маалыматка караганда, ал иштен 2017-жылы, Орусиядан америкалык дипломаттар массалык түрдө чыгарылардын алдында алынган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив