Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Токиодогу Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат

Токиодогу Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат

25 мар 2020, 09:30    bishkek
Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жайында Токиодо өтүшү керек болгон Олимп оюндары 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитети менен Токио олимпиадасын уюштуруу комитетинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, оюндарды бир жылга жылдыруу чечими Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бахтын кеңешүүсүнөн кийин кабыл алынды.
Бир нече күн мурда Синзо Абэ коронавируска байланыштуу жагдайдан улам Олимп оюндарын баштапкы планга ылайык өткөрүү «мүмкүн болбой» калышы ыктымал экенин билдирген. Ал дүйшөмбүдө парламентте сүйлөп жатып «дүйнөдө азыр Олимп оюндарын өткөргүдөй абал болбой турат» деп, буга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен кеңешерин айткан. 




Марттын башында Эл аралык Олимпиада комитети «Олимп оюндарынын датасы башка күндөргө жылдырылбайт» деген чечим кабыл алган. Комитет бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүгө, машыгууну токтотпоого чакырган. Бирок бир катар өлкөлөр коронавируска байланыштуу соңку кырдаалдан улам жайкы Олимп оюндарына катышуудан баш тарта башташкан.
Буга чейин коронавируска байланыштуу футбол боюнча Европа чемпионаты жана хоккей боюнча дүйнө чемпионаты кийинкиге жылдырылган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив