Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Стамбул аэропортунда Өзбекстандын жүздөгөн жараны мекенине кете албай турат

Стамбул аэропортунда Өзбекстандын жүздөгөн жараны мекенине кете албай турат

24 мар 2020, 15:24    bishkek
22-мартта Стамбул-Ташкент багыты боюнча учкан чартердик каттамга билеттер эки эсе кымбат баада сатылды. Бул тууралуу бир нече күндөн бери Стамбул аэропортунда жашап жаткан өзбекстандыктар билдиришти.
Алардын айтымында, колдорунда «Түрк аба жолдору» компаниясынын билеттери болгонуна карабастан, учакка отургузушкан эмес.
– Коронавуирска байланыштуу каттамдар токтотулгандыктан, биз 19-мартта учуп кете алган эмеспиз. 22-марттагы каттамга билетибиз бар болчу, бирок жаңы билет алышыбыз керектигин айтып, учакка киргизбей коюшту. Беш күндөн бери аэропортто жашап жатканбыз, бүгүн сыртка чыгарып салышты. Азыр аэропорт имаратынын алдында турабыз, мейманканага барууга акчабыз жок, — деди өзбек жарандарынын бири.
Бир жумадан бери Стамбул аэропортунда жашап жаткан дагы бир өзбекстандыктын айтымында, Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын каттамдарына билеттер мурдагыдан эки эсе кымбат баада сатылууда.
– Эгер мурда эки тарапка билеттер 350-450 доллардан сатылса, азыр бир таратка эле 450дөн сатылып жатат. Аларды акчасы барлар гана алып, бизге окшогондор калып калууда», — деди ал.
«Istаnbul 2020 charter» Telegram-каналындагы маалыматка караганда, ушу тапта болжол менен 8 миңдей өзбекстандык мекенине кете албай турат.
Өзбекстандыктар жиберген видеотасмада Стамбул аэропортунан чыгарылган ондогон адам сыртта турганын көрүүгө болот.
Акыркы маалыматтар боюнча Uzbekistan Airways авиакомпаниясы чет өлкөлөрдөгү Өзбекстандын жарандарын алып келе турган чартердик каттамдарды үч күнгө убактылуу токтоткон.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив