Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Кадыровдун 23 жаштагы жээни Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматына дайындалды

Кадыровдун 23 жаштагы жээни Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматына дайындалды

12 фев 2020, 16:02    bishkek
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 23 жаштагы жээни Хамзат Кадыров республиканын Коопсуздук кеңешинин башчысы болуп дайындалды.
Бул тууралуу Шалин районунун акими, Рамзан Кадыровдун иниси Турпал-Али Ибрагимов Инстаграмдагы баракчасына жазды. Бирок бул маалымат басылмаларга жарыялангандан кийин ал билдирүүсүн өчүрүп койду.
Чеченстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок, болгону ал «болжолдуу маалымат» экенин билдирди.
23 жаштагы Хамзат Кадыров Чеченстан мамлекеттик университетинин Мамлекеттик башкаруу факультетин аяктаган. 2018-жылдын июнь айынан бери Курчалев районунун акими болуп иштеп келген.
Коопсуздук кеңешинин жаңы жетекчиси — бийлик түзүмүндөгү Кадыровдун дагы бир үй-бүлө мүчөсү болуп калды. Кадыровдун бир туугандары Зулай Кадырова (Закриева) менен Зарган Кадырова (Черхигова) республика башчысынын жардамчысы кызматтарында иштешет. Кадыровдын жубайы Медни Кадырова Ахмат Кадыров атындагы коомдук фонддун вице-президенти, аталаш тууганы Хас-Магомед Кадыров Аргун шаарынын мэри, дагы бир аталаш тууганы Идрис Байсултанов билим берүү министри, жээни Ибрагим (Якуб) Закриев Грозныйдын мэри, дагы бир жээни Идрис Черхигов ИИМдин Жол коопсуздук кызматынын башчысы, карындашынын күйөөсү Рамзан Черхигов Чеченстандын транспорт министри, дагы бир карындашынын күйөөсү Салман Закриев Чеченстан парламентинин төрага орун басары, күйөө баласы Висхан Мацуев Чеченстандын Миграциялык башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштешет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив