Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Казакстанда активистке кол салууга айыпталган аким кармалды

Казакстанда активистке кол салууга айыпталган аким кармалды

16 янв 2020, 15:13    bishkek
Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы Алматы облусунун тургуну, активист Галина Арзамасовага кол салуу ишинин алкагында Панфилов айыл аймагынын мурдагы акими Нургали Аппазовду кармады.
16-январда коррупцияга каршы кызматтын жеке коопсуздук департаментинин башчысы Мурат Карымсаков активистке чалып, Аппазов кармалганын жана тергөө абагына киргизилгенин айткан.
63 жаштагы Арзамасованы былтыр август айынын аягында Талгар райондук акимчилигинин имаратынын жанынан атып кетишкен. Натыйжада ал жаракат алган. Ошондо бери кылмышка шектүү Аппазов эркиндикте жүргөн. Бир нече күн аралыгында анын баш коргоо чарасы аныкталары күтүлүүдө.
Панфилов айыл аймагынын мурунку акими Нургали Аппазов менен анын айдоочусу Гани Сманов «Бейбаштык» жана «Адамдын саламаттыгына атайылап зыян келтирүү» беренелери боюнча айыпталууда.
14-январдагы сот жараянында прокурор Дамир Дарханбаев айыптоо бүтүмүн окуган. Анда 2017-2019-жылдар аралыгында мурунку аким Нургали Аппазов жарандык активистти коркутуу максатында кишилерди жалдаганы айтылган.
2017-жылы февралда белгисиз адамдар Галина Арзамасованын үйүнө келип, аны көчөгө чакырып сабап кетишкен. 2019-жылы июлда анын автоунаасын өртөө аракети болгон. Анын үйүнүн жанында бир нече жолу асманга ок атышкан.
Арзамасова – аймактагы жайыттар менен сугат суунун жетишсиздиги, жолдордун начардыгы тууралуу маселелерди көтөрүп, «жашыл аймактагы» жерлердин сатылышына каршылык билдирип жүргөн активисттердин бири.
Кийинки сот отуруму 21-январда өтөт.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив