Чындап эле миллионерби же кадимки шылуунбу? 
Мас болуп учакты кармаган чиновник аял Зууракан Каденова экени белгилүү болду
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, орун басары Болот Суюнбаевге таандык деген үйлөрдүн сүрөтү тарады
Жалкое зрелище – Атамбаев без окружения
Совбез против коррупции
Канатбек Азиз - Кыргызстандын парламенттик Акыйкатчысы кызматына талапкердин программасы! 
Как безграмотный Манас Арабаев управлял судьями КР? 
Бишкек мэриясы Фучик паркындагы жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтарууда 
Кыргызстанда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды - ФОТО
Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Президентом Казахстана Нурсултаном Назарбаевым
Кыргызстан Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Депутат Сагындык Келдибаевдин “россиялык” экени тастыкталды
Издөө
» » Ашхабадда спирт ичимдиктерин саткан соода жайлар жабылууда

Ашхабадда спирт ичимдиктерин саткан соода жайлар жабылууда

10 июл 2018, 09:01    bishkek
0 комментарий   
Ашхабадда спирт ичимдигин саткан соода жайлар жапырт түрдө жабылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«8-июлда «Мир-1» базарындагы алкогол саткан дүкөндөрдүн бардыгы жабык болду. Жекшемби күнү Мир-1,2,3,4 кичи райондорундагы дээрлик бардык коммерциялык күркөлөр иштеген жок, алардын эшиктеринде мөөр басылып турду. Бирок кечинде көбү кайра ачылды», — деп жазды басылма.

Ошол эле маалда Мир кичи районундагы жана дүң базардагы дүкөндөр дүйшөмбү күнү дагы жабык болду.
Айрым жергиликтүү тургундар спирт ичимдигин саткан жайлардын жабылышы — бийликтин мыйзамсыз акча алмаштыруучуларга карата көргөн чаралары менен байланыштуу экенин айтышууда.

«Көпчүлүгү алкогол саткандар акча алмаштыруу менен алектенишет деп айтып жатышат. Бирок чынында андай эмес. Акча алмаштыргандарды баары билет жана алардын ишенимдүү кардарлары бар. Мында спирт ичимдиктерин саткандардын эч кандай тиешеси жок», — деди тургундардын бири.

Ал ортодо 9-июлда АКШ валютасынын көмүскө базардагы баасы төмөндөп, 1 доллар 12 түркмөн манатына сатыла баштады. Бирок өлкөдө доллардын расмий курсу 2005-жылдан бери өзгөрүүсүз болуп келет. Анда өлкөнүн Борбордук банкы бир долларды 3,5 манатка баалаган.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;