Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштоону колдоду

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштоону колдоду

01 ноя 2019, 09:05    bishkek
АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду.
Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт.
Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн стенограммасын ачыкка чыгарууга укук берет.
Бул добуш берүүнүн жыйынтыгы - Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 24-сентябрда баштаган демилгенин биринчи жолу расмий колдоого алынышы.
Президент Дональд Трамп Өкүлдөр палатасынын чечимин куугунтук катары сыпаттады.
АКШда президентке ишеним көргөзбөө боюнча демилгеге жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген.
Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоону баштоо аракеттерине киришкен. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив