Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » ИМ террордук тобу аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады

ИМ террордук тобу аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады

01 ноя 2019, 09:05    bishkek
«Ислам мамлекети» террордук тобу уюмдун мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул тууралуу жоочулар менен байланышы бар Amaq агенттиги билдирди.
26-октябрда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун ана башчысы Ал-Багдади атайын кызмат чабуул койгондо туңгуюктуу туннелден чыга албай калып, өзүн жанкечтинин куру менен жардырып жиберген. Аны менен кошо эки баласы да мүрт кеткен. Андан тышкары жанкечтинин курун тагынган төрт аял жана бир эркек киши да өздөрүн жардырган.
Абу Бакр ал-Багдади 1971-жылы Ирактын Самарра аймагында туулган. 2004-жылы америкалык аскерлерге каршы кутум уюштурган деген айып менен соттолгон. Эркиндикке чыккандан кийин көмүскө иш алып барган жихад уюмуна кошулуп, көп өтпөй аны башкарып калган. 2014-жылы өзүн бардык мусулмандардын лидери - халиф деп жарыялаган. Анын жетекчилиги алдында «Ислам мамлекети» террордук тобу Ирак менен Сириянын аймактарынын кыйла бөлүгүн өзүнө каратып алган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив