Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстанда азан үнүн азайтууну талап кылышууда

Өзбекстанда азан үнүн азайтууну талап кылышууда

01 ноя 2019, 09:02    bishkek
Наманган шаарындагы мечиттерде бир жумадан бери үн күчөткүчтөрдүн жардамы менен азан айтуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына жергиликтүү активист Аббас Асад билдирди.
Анын айтымында, азан үнүн азайтууга Наманган облусунун башкы имам-хатиби буйрук берген.
Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү үн күчөткүч менен азан айтууга тыюу салынганын тастыктады. Анын айтымында, Наманган, Фергана, Анжиян облустары жана Ташкент шаарынын айрым жашоочулары азандын үнү катуу чыгып жатканы тууралуу аткаминерлерге даттанышкан.
“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиевдин 2019-жылдын 4-сентябрындагы жашыруун токтомунда мечиттерде азандын добушун азайтууга буйрук берилген. Саламаттык сактоо министрлиги мечиттердеги динамиктерден чыгып жаткан үндүн ден соолукка тийгизген кесепети тууралуу бүтүм чыгарып берүүгө милдеттендирилген.
Быйыл жай айында ташкенттик аял азандын үнү анын оорукчан жолдошунун саламаттыгына терс таасирин тигизип жатканын айтып, бийликтен буга карата чара көрүүнү талап кылган.
Өзбекстанда 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин үн күчөткүчтүн жардамы менен азан айтууга тыюу салынган. Азан мечиттин ичиндеги адамдарга гана угулгудай айтылып келген. Чектөө 2017-жылы ноябрда алынып салынган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив