Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Түркмөнстанда милдеттүү түрдө мамлекеттик басылмаларга жазылуу өнөктүгү башталды

Түркмөнстанда милдеттүү түрдө мамлекеттик басылмаларга жазылуу өнөктүгү башталды

29 окт 2019, 09:08    bishkek
Түркмөнстанда мамлекеттик басылмаларга жапырт жазылуу өнөктүгү башталды. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, бул жолкусунда мектеп окуучулары дагы гезит-журналдарга жазылууга мажбурланууда.
Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер өкмөттүк басылмаларга милдеттүү түрдө катталышы керек. Катталган соң каражат алардын айлык акысы жана стипендиясынан кармалып турат.
- Мары облусундагы ишкана кызматкерлери гезит-журналдарга милдеттүү түрдө жазылышы керектиги айтылды. Мектеп окуучуларына дагы «Гунеш» журналына жазылуу үчүн каникулдан кийин 14 манаттан (расмий курска ылайык,3,5 манат 1 долларга барабар) ала келиши керектиги эскертилди, — деп билдирди радионун аймактык кабарчысы.
Анын айтымында, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жазылуу үчүн 40-50, саламаттык сактоо кызматкерлери 50-100 жана мунайгаз тармагындагы жумушчулар 50-60 манаттан тапшырып жатышат.
Түркмөнстанда гезит-журнал саткан күркөлөр аз. Жарандар мамлекеттик басылмаларды өтө сейрек сатып алышат.
Учурда өлкөдө 30га жакын гезит жана андан бир аз көбүрөөк журнал чыгат. Алардын негизги багыты мамлекеттик пропаганда жана өлкө жетишкендиктерин даңазалоо болуп эсептелет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив