Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстан түрк ишкерине 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

Өзбекстан түрк ишкерине 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилди

21 окт 2019, 15:10    bishkek
Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстан өкмөтүн түркиялык Gunes Tekstil Konfeksiyon Sanayi ve Ticaret Ltd ишканасына 40 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.
Маалыматка караганда, 2004-2011-жылдары ТашкенттеTurkuaz соода борборун негиздеген түркиялык ишкер Вахид Гюнеш 2012-жылы конфискацияланган мүлкүн кайтарып алуу үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.
Кеңсеси АКШда жайгашкан инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор (ICSID) бул ишти жети жыл карап, октябрда түрк ишкеринин пайдасына чечим чыгарды.
Расмий Ташкент бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Түркиялык ишкер ICSID борборунун чечимине канааттанганын билдирди.
– Биз 180 миллион доллар компенсация талап кылганбыз, бирок сот өзбек бийлигин 40 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок баары бир биз бул чечимге ыраазыбыз.
Түркиялык ишкер Вахид Гюнеш Өзбекстанда жети жыл ишкердик менен алектенгенден кийин “салык жашыруу жана көмүскө экономиканын өнугүшүнө көмөк көрсөтүү” айыбы менен тогуз ай камакта отурган. Turkuaz соода борбору 2011-жылы жабылган.
Гюнеш жана башка түрк ишкерлери өзбек бийлигине 700 миң АКШ долларын төлөп бергенден кийин аларга жеңилирээк айып тагылган жана өздөрү өлкөдөн депортацияланган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив