Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Мамдума чет элдик ММКларды шайлоо мыйзамдарын бузууга айыптады

Мамдума чет элдик ММКларды шайлоо мыйзамдарын бузууга айыптады

18 окт 2019, 09:38    bishkek
Мамлекеттик дума чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарын шайлоо мыйзамдарын бузууга айыптады. Бул тууралуу "Интерфакс" Орусиянын ички ишине четтен кийлигишүү ыктымалдуулугун иликтеген комиссиянын башчысы Василий Пискаревго шилтеме берүү менен билдирди.
Пискарёвдун айтымында, чет өлкөлүк ММКлар шайлоо алдында – жымжырттык күнүндө жана 8-сентябрь шайлоо учурунда мыйзамдарды бузушкан. Комиссия башчысы“Свобода” радиосун, "Настоящее Время" телеканалын, "Америка Үнүн", Би-Би-Синин орус кызматын, "Медузаны" жана "МБХ-Медианы" атап өткөн.
Пискарёв алар шайлоо мыйзамдарын кантип бузганын ачык айткан эмес. Депутат Мамлекеттик дума бул маселе боюнча Роскомнадзор менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирген.
Орусия мыйзамдары жымжырттык күнү жана добуш берүү күнү үгүттүн бардык түрүнө тыюу салат. Шайлоо күнү добушканалар жабылганга чейин ММКлар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат бере алышпайт.
Мамдума Орусиянын ички ишине кийлигишүү жана чет өлкөлүк ММКлар тарабынан мыйзамдардын бузулушу тууралуу Москва шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу нааразылыктардан кийин сөз кыла баштаган. Эркин Европа / Азаттык Радиосунун президенти Жейми Флай Мамдуманын бул аракети орус жарандарынын көз карандысыз булактардан маалымат алуу укугун коркунучка кептей турганын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив