Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Алматыда Шинжаңдан качып келген эки кытайлык казак кармалды

Алматыда Шинжаңдан качып келген эки кытайлык казак кармалды

15 окт 2019, 08:46    bishkek
Алматыда Шинжаңдан качып келген эки казак — Кастер Мусахан менен Мурагер Алимулы башпаанек сурап Миграциялык полицияга кайрылгандан кийин кармалышты. Бул тууралуу Кытайдагы аз улут өкүлдөрүн коргоо менен алектенген «Ата журт ыктыярчылары» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжан Токтасынкызы билдирди.
Анын айтымында, Мусахан менен Алимулын өздөрүн Чек ара кызматынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган үч киши алып кеткен. 
— Алар Мусахан менен Алимулынын адвокаттары менен байланышуусуна мүмкүндүк беришкен жок. Кайсыл бир документтерге кол коюшу керектигин айтып, Чек ара кызматынын №2040 бөлүгүнө алып кетишти. Түштөн кийин алар Миграциялык кызматка кайра барышмак, — деди Токтасынкызы.
14-октябрь күнү эртең менен Кастер Мусахан менен Мурагер Алимулы Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун имаратында маалымат жыйын өткөрүп, кытай-казак чек арасынан кандай шартта өтүшкөнүн айтып беришкен.
30 жаштагы Мусахан менен 25 жаштагы Алимулынын Кытайда үй-бүлөсү калган. 1-октябрда алар Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүп, беш суткага жакын эки өлкөнүн ортосундагы нейтралдуу аймакта жүрүшкөн. 6-октябрда Казакстандын чек арасынан өтүп келишкен.
Кастер Мусахан Кытайда төрт жыл сегиз ай лагерде кармалып тургандан кийин качып келгенин билдирди. Анын айтымында, лагерде ага кысым көрсөтүп, сабашкан. Мурагер Алимулы дагы Кытайда ага басым болуп, бир канча жолу сабалганын айтты. Алар экөө тең Казакстанда кандай гана жаза болбосун макул экенин, болгону кайра Кытайга өткөрүп бербөөнү өтүнүштү.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив