Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Милиция кармап кеткен “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары бошотулду

Милиция кармап кеткен “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары бошотулду

08 окт 2019, 09:10    bishkek
“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары Афсона Акобиршоева менен Тахмина Хакимова маңзат сатууга шектелген таксистти кармоо учуруна кокустан күбө болуп калышкан. Буга байланыштуу ИИМ кызматкерлери аларды кармап кеткен.
Маалыматка караганда, кабарчыларды милиция бөлүмүндө эки жарым саат убакыт кармашкан. Алар түшүнүк кат жазышкан.
Тахмина Хакимованын айтымында, 7-октябрда алар отурган таксиге беш кишиден турган топ келип, таксистти кармап кетүүгө аракет жасаган. Кабарчылар бул учурду видеого түшүрүп калышкан. Бир нече убакыттан кийин аларын бири күбөлүгүн көрсөтүп, атайын топтун башчысы экенин, маңзат сатууга шектелген таксистти кармоо операциясы жүрүп жатканын айткан.
“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчылары да документтерин көрсөтүшкөн. Атайын операциянын башчысы аларга башка такси жалдап берерин айтып, бирок видеожазууну көргөн соң, журналисттерди милиция бөлүмүнө жеткирүүнү туура көргөн.
Тахмина Хакимованын айтымында, райондук милиция бөлүмүндө “милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратышканы үчүн аларды 15 суткага камайбыз” деп коркутушкан.
Афсона менен Тахмина бир жылдан ашык убакыттан бери “Азаттыктын” тажик кызматынын Душанбедеги кеңсесинде иштешет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив