Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстанда мажбурлап иштетүү көйгөйүн чагылдырган журналист камакка алынды

Өзбекстанда мажбурлап иштетүү көйгөйүн чагылдырган журналист камакка алынды

07 окт 2019, 09:23    bishkek
5-октябрда Өзбекстандын Хорезм облусунда «Жамият» коомдук-саясий гезитинин кабарчысы Давлатназар Рузметов камакка алында. Бул тууралуу анын жубайы Ленинза Алиева билдирди.
– Күйөөм үйдөн чыккандан жарым саат өткөндөн кийин телефон чалып, аны укук коргоо органдары кармап кеткенин билдирди. Андан кийин аны менен байланыша албай калдым, телефону өчүп болууда. Хорезм облустук ички иштер башкармалыгынан анын кайсыл жерде экенин билбей тургандыктарын айтышты. Райондук ички иштер бөлүмүнөн дагы ушундай эле жооп алдым, — деди Алиева.
Азырынча Рузметовдун эмне себептен кармалганы белгисиз. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан бул боюнча суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.
Журналист 22-сентябрда кесиптеши Махмуд Ражабов тарабынан уюштурулган жөө жүрүштү «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу чагылдырган. Алар өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажановго «Хорезм облусундагы мыйзамсыз иштер жөнүндө айтуу» үчүн Ташкентке жөө чыгышкан.
Кийинчерээк журналист Махмуд Ражаб менен анын иш-чарасын чагылдырып жүргөн блогер Нафосат Оллашукурова 10 суткага камалган. Алар 3-октябрда эркиндикке чыгарылып, Оллашукурова дароо эле психоневрологиялык диспансерге жеткирилген.
Азырынча өлкөнүн Башкы прокуратурасы Рузметовдун камалышы жана Оллашукурованын психдиспансерге жаткырылганы боюнча билдирүү тарата элек.
Пахта терүү өнөктүгү маалындагы мажбурлап иштетүү тууралуу макалаларды жазып жүргөн журналист Давлатназар Рузметов былтыр октябрда «бейбаштык» беренеси менен жети суткага камалган. Анда ал профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн жазаланганын билдирген.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив