Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Арыстын тургундары жарылуудан кийин балдардын саламаттыгы начарлаганын билдиришүүдө

Арыстын тургундары жарылуудан кийин балдардын саламаттыгы начарлаганын билдиришүүдө

03 окт 2019, 09:29    bishkek
2-октябрда Казакстандын Түркстан облусундагы Арыс шаарынын 30га жакын тургуну акимчилик алдына чогулуп, быйыл июнда аскер кампасындагы жарылуудан кийин балдарынын саламаттыгы начарлап кеткенин билдиришти.
Алар компенсация төлөп берүүнү талап кылып, зыянга учураган үйлөрдөгү оңдоо иштерине нааразылыктарын айтышты.
Үч баланын энеси Бану Кулжабаеванын айтымында, аскердик кампадагы жарылуудан кийин анын бир жарым жаштагы наристеси тынбай жөтөлүп, ичегилери ооруй баштаган:
— Жарылууга чейин баламдын ден соолугу жакшы болчу. Азыр дарыгерлер диагноз коё албай жатышат.
Арыстын дагы бир тургуну Айгүл Даулетова жарылуудан кийин балдарынын денесинде шишиктер пайда болуп, мурду канап жатканын билдирди.
Акимчилик имаратынын алдына чогулган шаардыктарга калаа башчысы Кадырбек Мурат чыгып, «аларга компенсация төлөнбөй турганын» айтып, оңдоо иштеринин сапатын текшерүү үчүн «эксперттик топ түзүлөрүн» билдирди.
Быйыл 24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. Анда төрт киши мерт болуп, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркап, 20дан ашык үй өрттөнүп кеткен.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив