Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

Орусияда өзбек жарандарын сабаган полиция кызматкерлери иштен алынды

03 окт 2019, 09:23    bishkek
Орусиянын Москва облусунун Балашиха шаарында өзбек жарандарын сабаган эки полиция кызматкери иштен алынды.
Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Татьяна Петрова билдирди:
— Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен ички иштер органдарын жаманатты кылгандыгы үчүн Балашиха шаардык полиция башкармалыгынын эки кызматкери иштен алынды. Алар мыйзамга ылайык жазаланат. Алардын жетекчиси кызматынан төмөндөтүлдү. Мындан тышкары дагы 10 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.
20-сентябрда Балашиха шаарында полициядан качып, экинчи кабаттын терезесинен секирип кеткен эки өзбекстандык оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган.
Жабырлануучулардын айтымында, 20-сентябрда алар дагы эки мекендеши менен Умаров аттуу кыргыз жаранынын үйүнө конокко барышкан. Ошол маалда полиция кызматкерлери кирип келип, аларды сабай башташкан. Токмоктон качкан эки мигрант экинчи кабаттын терезесинен секирип качууга аракет кылышкан.
Бул окуядан кийин Өзбекстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурасына жана Тергөө комитетине расмий кайрылуу жолдоп, облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык териштирүү башталган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив