Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстандын мурдагы баш прокурору 18 жылга абакка кесилди

Өзбекстандын мурдагы баш прокурору 18 жылга абакка кесилди

30 сен 2019, 10:51    bishkek
Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору жана Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ихтиёр Абдуллаев 18 жылга абакка кесилди.Өлкөнүн Аскер соту Абуллаев жана алар түзгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата өкүмдү 27-сентябрда чыгарды.
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Ихтиёр Абдуллаев кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен кылмыштуу биримдикти уюштурууга, пара алууга, Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы соодалашууга, кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн ири суммада бажы мыйзамдарын бузууга жана башка кылмыш иштери боюнча айыптуу деп табылды.
Мындан сырткары Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары Жахонгир Игамов 16 жылга, аталган кызматтын мурдагы кеңешчиси Алишер Ишанхожаев 17 жылга, баш прокурордун мурдагы орун басарлары Ёркин Абдуллаев 14, Гайрат Хидоятов беш, Юстиция министрлигинин кадрлар менен иштөө башкармалыгынын мурдагы орун басары Юсуфбой Хожаев сегиз, Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары Бохадир Дехканов беш жылга абакка кесилишти.
Наманган облусунун мурдагы прокурору Улугбек Тошиев беш жылга эркинен ажыратылып, белгилүү бир убакытка чейин жогорку кызматтарга иштөө укугунан ажырады. Мындан сырткары дагы 15 айыпталуучуга кылмыштын оордугуна карата ар кандай жазалар берилди.
53 жаштагы Ихтиёр Абдуллаевдин камакка алынганы тууралуу быйыл февралда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазып чыккан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив