Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Казакстанда Кытайдагы казактардын укугун коргогон уюм каттоодон өттү

Казакстанда Кытайдагы казактардын укугун коргогон уюм каттоодон өттү

26 сен 2019, 10:00    bishkek
Шинжаңдагы казактардын куугунтукталышы боюнча маалымат топтоп жүргөн “Ата Журт ыктыярчылары” уюму Алматы шаарынын Юстиция департаментинин каттоосунан өттү. Бул тууралуу уюмдун жаңы жетекчиси Ербол Даулетбек билдирди.Уюм буга чейин бир нече жолу аракет жасап, бирок каттоодон өтө алган эмес. Буга байланыштуу активисттер сентябрда Юстиция департаментин сотко берген.
– 12-сентябрда департаментти сотко бергенибиз тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдүк. 14-сентябрь күнү бизди департаментке чакырышып, айрым жоболорду өзгөртүү керектигин, ошондон кийин каттоого алышарын айтышты. Биз “эгер каттоого алсаңыздар арызыбызды кайтарып алабыз” дедик. Мына, катталганыбыз тууралуу күбөлүктү колубузга алдык, – деди уюмдун жетекчиси.
“Ата Журт ыктыярчылары” уюму 2017-жылдан бери Шинжаңдагы аз улуттун өкулдөрүнүн кысымга алынышы тууралуу маселелерди көтөрүп, туруктуу иштеп келет.
Уюмдун мурдагы жетекчиси Серикжан Билаш “кастыкты козутуу” айыбы менен беш айдан ашык убакыттан бери үй камагында. Билашка 280 доллар өлчөмүндө айып пул салынган жана жети жылга чейин коомдук уюмдарды башкарууга тыюу салынган.
Шинжаңда миңдеген адамдар, алардын арасында казактар жана кыргыздар ”саясий тарбия берүүчү лагерлерде” кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив