Максат Чакиев: "Феминизм - кыргыздын түпкүүлүгүн жана өзөгүн талкалоо аракети, деп эсептейм"
Кезинде керзи өтүгү менен адам укугун тебелегендер аялдын укугун коргойм дегенде ... 
Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Издөө
» » Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан журналист 10 суткага камалды

Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан журналист 10 суткага камалды

26 сен 2019, 10:00    bishkek
Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан хорезмдик блогер Махмуд Ражаб менен Нафосат Оллашукуров райондук соттун чечими менен 10 суткага камалды. Акцияга катышкан дагы үч кишиге 70 доллар, жети аялга 23 доллар айып пул салынды."Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, сот жараяны 23-сентябрда кечки саат 10:00дө башталып, 24-сентябрда таңкы саат 4:00дө аяктаган.
22-сентябрда хорезмдик журналист Махмуд Ражаб жана анын жыйрмадай тууганы Өзбекстан ИИМ башчысына жолугуп, Хорезмдеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып берүү үчүн Ташкентке жөө жүрүш баштаган. Алардын арасында кичинекей эки бала жана төрт айлык ымыркай да болгон.
Бирок алар 50 чакырым гана жол жүрүшкөн. Андан соң милиция аларды кармап, автобус менен алып кеткен. Кийинчерээк Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы Ражаб жана анын туугандарынын кармалганын тастыктаган.
Ага чейин милиция кызматкерлери Махмуд Ражабды кармоого аракет жасашкан, бирок туугандарынын жана коңшуларынын каршылыгынан улам, артка кайтууга аргасыз болушкан.2019-жылы апрель айында Махмуд Ражабга каршы “аткезчилик” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Стамбулдан Ташкентке оппозициядагы саясатчы Мухаммед Салихтин бир нече китебин алып кирген.
Журналисттин күнөөсү далилденсе, ал 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив