Кытайларга каршы маанайды курчутуу АКШ-Кытай тирешинин учкунубу? 
Алмазбек Акматалиев, ректор: "Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, инфекция таратуу!"
Кыргызстан мусулмандары: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»
Станут ли откровения Алмаза Атамбаева основой для возбуждения против него уголовного дела?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер: “Атамбаев калптарына эч ким ишенбей калганын бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөптүр”
Алмазбек Акматалиев, эксперт: "Атамбаев чоң проектилерден бир топ акча уурдаларын мойнуна алды"
На канале "Апрель" все та же старая пластинка прежней власти
Опросник «Азаттыка»: Откуда Атамбаев раздобыл документы, касающиеся происхождения его 27 миллионов долларов?
Топчубек Тургуналиев: “Атамбаев жебей турганды жеди, албай турганды алды. Эми айныды”
Улукбек Кочкоров, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: «Жумушчу топ түзүлүп, балага сүйүнчүнү 2-3 күндө төлөнүп берүү жагы иштелип жатат»
Проигрышная война компроматов
Азимбек Бекназаров: "Президент экинчи жолду тандап, Атамбаевдин таасиринен чыгып кетти!"
Издөө
» » Түркмөнстан: Түркия каттамына үч жолу киргизилбеген жаран асынып алды

Түркмөнстан: Түркия каттамына үч жолу киргизилбеген жаран асынып алды

13 июн 2018, 10:43    bishkek
0 комментарий   
Ашхабад аэропортунда Түркияга уча турган каттамга үч жолу киргизилбеген Дашөгүздүн жашоочусу асынып алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.
«Дашөгүз облусунун Акдепе районунун жашоочусу үч жолу Түркияга учууга аракет кылып, бирок үч жолу тең уча алган эмес. Анын сыртка чыгуусуна эч качан уруксат берилбестиги айтылгандан кийин, ал үйүнүн жанындагы бакка асынып алган», — деп жазды басылма.
«Азаттыкка» эми гана белгилүү болгон бул окуя апрелдин экинчи жарымында болгон. Маркумдун жакын туугандарынын айтымдарында, анын мындай кадамга барышына Түркияга баруу үчун карызга алган акчасын кайтарып бере албай калдыгы себеп болгон.
«Материалдык абалы начар болгондуктан ал балдарын тамак-аш менен камсыз кылып, мектепке керектүү нерселерди сатып бере алган эмес. Үстөк пайызы менен көп карыз алган. Түркияга баруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап койгон. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан жок. Карыздарынан кутула албай калгандыктан, өз жанын кыйды», — деп билдиришти туугандары.
Алардын айтымдарында, ал өлүм алдында жумушсуздуктан жана жакырчылыктан тажагандыгы тууралуу кат жазып калтырган.
«Айрым дыйкан бирикмелеринде пахтачылардын дээрлик бардыгы үлүш жерлерин таштап кетип калышты. Азыр облуста айдалбаган, иштетилбеген пахта талаалары бар. Айрымдары бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен кетип жатышат. Бюджетте иштегендер дагы кете башташты», — деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;