Президент Сооронбай Жээнбеков пожелал спортсменам-участникам Азиатских игр вернуться на Родину чемпионами
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Индии Сушму Сварадж в рамках ее официального визита в Кыргызстан 
Кто не построил «дворец»? История о 8,5 млрд сомов
«Сулуу мэрлер» же Суракматовго негизсиз асылуулардын артында эмне жатат?
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Акылбек Осмоналиев дайындалды 
Председатель БГК Алмаз Кененбаев: «Кандидат в мэры Суракматов понимает весь груз ответственности, в случае своего избирания на пост мэра» 
Азиз Суракматов показал свои сильные человеческие качества
Мультимиллионеры могут отдыхать где угодно, а президент Жээнбеков – у себя на родине
Адвокат экс-мэра Кулматова вводит общественность в заблуждение утверждая, что его подзащитный не является гражданином России 
Алтынай Өмүрбекова, вице-премьер министр: “Бишкектин мэрлигине талапкерлигимди койбойм, талапкерлерге ийгилик каалайм!”
Игра Сапара Исакова с китайским гигантом TBEA «смертельна» – за долги придется отдавать приграничные земли…
Нет так страшен Суракматов, как его малюют…
Издөө
» » Тоолуу-Бадахшандын башчысы: биз элге алкогол сатууга тыюу сала албайбыз

Тоолуу-Бадахшандын башчысы: биз элге алкогол сатууга тыюу сала албайбыз

12 июн 2018, 17:31    bishkek
0 комментарий   
Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун башчысы жергиликтүү калктын нааразылыктарына карабастан, бийлик аймакта спирт ичимдиктерин сатууга толук тыюу сала албай турганын билдирди.

«Тажикстан - ислам өлкөсү эмес, демократиялык жана укуктук мамлекет. Биз облус аймагында ичкилик сатууга толук тыюу салууну талап кылып жаткандар менен макул эмеспиз. Бирок ошол эле маалда алкоголдун сапатын текшерип туруу зарыл. Дагы бир жолу кайталайм, биз алкогол сатууга толук тыюу сала албайбыз», — деди автономдук облустун башчысы Шодихони Жамшед.

Анын айтымында, Тоолуу-Бадахшанга жыл сайын он миңдеген туристтер менен саякатчылар барып турушат. «Бизде заманбап мейманкалар курулган жана алардын кардарлары сапаттуу алкогол ичимдиктери менен камсыз болушу керек», — деп белгиледи Жамшед.
Облус башчысы бир нече күн мурда спирт ичимдиктеринин сатылышын тартипке салуу боюнча ийгиликсиз иши үчүн Хорог шаарынын бийлигин сындаган катка 3 миңге жакын жергиликтүү тургун кол коюп кайрылганын ырастады. Алар облуста контрафакт продукцияларды саткан «спирт мафиясы» иштей турганын билдиришкен.

Жергиликтүү активист Набот Додхудоева шаар тургундары сапатсыз ичкиликтин сатылышына тынчсызданып жаткандыктарын билдирүүдө. Анын айтымында, былтыр сапатсыз арактан улам Хорогдун үч жашоочусу каза болгон. «Азыр айрым тургундар облуста алкогол сатууга толугу менен тыюу салууну талап кылып жатышат. Башкалары спирт ичимдиктеринин сапатын катуу көзөмөлдөп, алардын сатылышын тартипке салуу керектигин айтышууда», - деди ал.

Облус башчысы Шодихони Жамшед калктын даттануусунан кийин аймакта алкогол сатууга чектөө киргизүү чечими кабыл алынганын билдирди. «Азыр шаардагы 9 гана дүкөндө спирт ичимдиктери сатылууда. Алкоголду эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин сатып алса болот. Ошондой эле мектептерге, балдар мекемелерине, ооруканаларга жакын жерлерде, коомдук жайларда сатууга тыюу салынган», - деди ал.скачать dle 12.0 Maalymat.kg



Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
***91;group=4,5***93;