Канатбек Азиз: "Матраимовду коррупцияга айыптап маалымат тараткан басылмалар сотто далили жок экенин билдиришти"
Журналист Болот Темиров Камчыбек Ташиевди сөөк аңдыган итке салыштырды, Ташиев эмне деп жооп кайтарды?
Исмаил Исаков: "Иликтөөнүн  Саймайтинин өлүмүнөн кийин чыгышы дагы күмөн жаратат, бул баягы “Белизгейтти” ойлоп тапкандай болуп жатат"
Ууру болсо дагы, кесиптеш элек деп корогой берген болобу?
Кыяс Молдокасымов: "Жектеп келген "сабатсыздык" доордо да кыргыз мынчалык пастыкка түшкөн эмес!"
Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Издөө
» » Казакстанда миңдеген үй-бүлө социалдык жардам алуу үчүн кирешелерин азайтып көрсөткөн

Казакстанда миңдеген үй-бүлө социалдык жардам алуу үчүн кирешелерин азайтып көрсөткөн

19 авг 2019, 10:44    bishkek
Казакстанда «даректүү социалдык жардам алуу үчүн» 21 миңге жакын үй-бүлө кирешелерин азайтып көрсөткөн. Бул тууралуу 17-августта өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында «аймактык комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын аныктоого формалдуу мамиле кылганы» жана жарандардын атайылап кирешелерин азайтып көрсөткөндүгү аныкталган. «Жардам алуу үчүн кайрылган үй-бүлөлөр өз кирешелерин азайтып, мамлекеттик органдарга туура эмес маалыматтарды беришкен. Учурда акимчиликтер менен биргеликте «туура эмес белгиленген төлөмдөрдү кайрадан карап, ашыктарын кайтаруу» иштери жүргүзүлүп жатат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Казакстанда жарандарга бериле турган даректүү социалдык жардамдын көлөмү жана шарттары быйыл жазында кайрадан каралып чыккан. Буга көп балалуу энелердин социалдык абалын жакшыртуу жана турак-жай маселелерин чечип берүү талаптары менен өлкөнүн бир канча шаарында өтүп жаткан нааразылык акциялар себеп болгон.
«Нур Отан» партиясынын 27-февралда өткөн съездинде ал кездеги өлкө президенти Нурсултан Назарбаев муктаж үй-бүлөдөгү ар бир балага бериле турган эң төмөнкү төлөмдү 21 миң теңгеге жеткирүү зарылдыгын айткан. Марттын башында ал көп балалуу үй-бүлөлөр социалдык жардамды 1-апрелден тарта ала башташы керектигин айткан. Парламент тарабынан даярдалган тиешелүү мыйзам долбооруна кийинки президент Касым-Жомарт Токаев апрелдин башында кол койгон.
Бирок апрелде башталган жарандардын документтерин кабыл алуу өнөктүгү жарандардын бюрократиялык тоскоолдуктарга даттануулары менен коштолгон. Май айында өлкөнүн Эмгек министрлиги 160 миңден ашык үй-бүлө же 860 адам даректүү социалдык жардам алганын кабарлаган.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив