Таластагы  Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземи
Марат Тагаев, журналист: “Каныбек Исаков ОшМУнун окуу корпустарын жаӊылап, эӊ алдыӊкы заманбап окуу жайлардын катарына кошконун билебиз”ж
Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет
Сулайман Кайыпов: "Кызматка Аликбек Жекшенкуловдой профессионалдар иштесе, ушундай ийгилик жаралат" 
Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Издөө
» » Кызмат учурунда ажал тапкан түркмөн жоокеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүктөн жардам берилди

Кызмат учурунда ажал тапкан түркмөн жоокеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүктөн жардам берилди

16 авг 2019, 15:28    bishkek
Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө учурунда ажал тапкан жоокердин үй-бүлөсүнө бийлик азык-түлүктөн бираз жардам берди.“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, маркум Сулейман Оразовдун үй-бүлөсүнө кыркылык өткөрүү үчүн бир кой, 50 килограмм күрүч, бир кап алма, 20 литр суу май беришкен. Жардамды маркум кызмат өтөгөн Серхетабаддагы №2108 аскер бөлүгү көрсөткөн.
19 жаштагы Сулейман Оразов июль айында мерт болгон. Күч түзүм жетекчилиги анын ууланып өлгөнүн кабарлаган.
Түркмөн бийлиги өлгөн жоокердин үй-бүлөсүнө 20 миң манат өлчөмүндө жардам берүүнү убада кылган, бирок бере элек.
Түркмөнстан мыйзамдарына ылайык, аскер кызматкери өз милдетин аткаруу учурунда ажал тапса, үй-бүлөсүнө өлгөн адамдын бир жылдык маянасынан он эсе жогору өлчөмдө бир жолку жардам көрсөтүлүшү керек.
Жоокердин туугандары анын ууланып өлгөнүнө ишенишпейт. Түркмөнстан Коргоо министрлиги жана ИИМ өкүлдөрү сөөктү алып келгенде эмне үчүн анын ичеги-карды жана мээси алынганын, денесиндеги тиликтер кайдан пайда болгонун түшүндүрүп беришкен эмес. Ошондуктан жоокердин туугандары ага ок тийген болушу ыктымал деп эсептешет.
№2108 аскер бөлүгү Ооганстан менен чек арада жайгашкан. Бир нече жылдан бери “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары ал жактагы атышуулар жана түркмөн чек арачыларынын өлүмү тууралуу кабарлап келишет.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив