Чолпон Байзакова: “Жээнбеков Атамбаевдин кылмышын жаап-жашырып, элди экөөлөп эзип отура берүүгө толук шарты бар болчу, бирок!...”
Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Издөө
» » Казакстандык укук коргоочулар тынч жыйын өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга каршы

Казакстандык укук коргоочулар тынч жыйын өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга каршы

16 авг 2019, 15:26    bishkek
Казакстанда тынч жыйындарды, митингдерди, жүрүштөр менен акцияларды жөнгө сала турган мыйзам жарандардын радикалдашуусуна алып келет.Мындай пикирин 15-августта Адам укуктары жөнүндөгү эл аралык бюронун директору Евгений Жовтис билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, муну жарым жылдагы мониторинг тастыктай алат. Митингдерге тыюу салуу жарандардын орчундуу маселелерде өздөрүнүн оюн бийлик өкүлдөрүнө жеткизүү укугунан ажыратат.
— Биздин уюмга соңку үч-төрт айда уруксат берилбеген митингдерге чыкканы үчүн жазага тартылган жүздөгөн киши кайрылды. Алардын көбү уюштуруучу болгон эмес. Басымдуу бөлүгү акцияларга катышпаган, көчөдө өтүп бараткан карапайым адамдар болгон. Бирок полиция кызматкерлери аларды да кармап кетишкен, – деди Евгений Жовтис.
Укук коргоочу тынч жыйындарга тыюу салган мыйзам эл аралык талаптарга каршы келерин белгиледи:
— Эл аралык талаптарга ылайык, тынч жыйындарды өткөрүүгө болбой турган атайын жерлер бар. Ал өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо жайлары, ар түрдүү себептер менен адам ден соолугуна кооптуу орундар, аскер бөлүктөрү жана башкалар. Калган жерлердин баарында митинг өткөрүүгө уруксат берилүүгө тийиш.
2019-жылы 9-13-июнь күндөрү Казакстан полициясы митингге чыккан төрт миңден ашуун кишини кармаган. Каршылык акциялары президенттик шайлоо өтүп жаткан учурга туш келген. Митингдин катышуучулары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, саясий өнөктүккө байкот жарыялоого чакырышкан. Мындан тышкары алар шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгышкан.
12-июнь инаугурация күнү Токаев батыш басылмаларына берген интервьюсунда тоскоолдуксуз митинг өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилерин, мыйзам кабыл алынарын айткан.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив