Раиса Атамбаева заявляя о том, что «власти преследуют их детей» показала весь свой цинизм
Глава ГКНБ Орозбек Опумбаев: В Усена Ниязбекова специально целились в сердце
Кой-Ташта атайын кызматтын аскерлерин таяк менен башка чаап урган жаран суракка чакырылды
Мамбет Мамакeев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Академик: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”
Чакан нефтрейдерлер күйүүчү-майлоочу майларга тыюу салуу боюнча киргизиле турган Техрегламенттин мөөнөтүн узартууну суранууда
Украинада парламенттик шайлоодо келген депутаттардын 75% пайызы жаңы жүздөр
Советница Суракматова снова отличилась. Она вступилась за карикатуриста высмеющего президента
Сейтек Атамбаев: "Атама убагында "шопуруңуз, жан сакчыңыз сизге көлөкө түшүрүп жатат"-деп айтканым үчүн эки жыл жолукпай койгон"
Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Издөө
» » Иран өз өндүрүшүндөгү жаңы ракеталарын көрсөттү

Иран өз өндүрүшүндөгү жаңы ракеталарын көрсөттү

07 авг 2019, 15:43    bishkek
Иран жеке өндүрүшүндөгү жогорку тактыкта башкарыла турган ракеталардын үч жаңы үлгүсүн көрсөттү. Бул тууралуу Irna агенттиги кабарлады.
Өлкөнүн коргоо министри Амир Хатами снаряддарды истребителдерге, тик учактарга жана учкучсуз учактарга орнотууга боло турганын билдирди. Анын айтымында, ракеталардын бири 50 чакырымдан алыс аралыктагы бутага таамай тийип, аны жок кыла алат.
Иран бул жаңы куралдарын Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер курчуп турган маалда иштеп чыгууда. АКШ былтыр май айында 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден бир тараптуу негизде чыгып кетип, Тегеранга каршы киргизилген санкциялардын айрымдарын калыбына келтирген. Анда АКШ келишим ирандыктарга жашыруун түрдө өзөктүк курал иштеп чыгууга мүмкүндүк берип келгенин билдирген. Бирок Иран бул айыптоолорду четке кагууда.
Быйыл июнда Тегеран да келишимдеги айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып, уран байытуунун деңгээлин жогорулаткан.
2015-жылы Иран, АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана Германия өлкөлөрү кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жеңилдетилмек.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив