Олжобай Шакир, жазуучу: «АШАнын азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?!»
Экс-президент бүткүл элге укук маданиятсыздыгын көрсөтүүдө
Саламат Садыкова, Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси: «Журт бузарларга туруштук берген мамлекет башчыбызга рахмат»
Манас Арабаев көрсөтмө берип Раиса Атамбаеванын «былык» иштерин чубады…
Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: «Алмазбек Шаршенович эки жүздүүлүгүн, өзүнүн майдачылыгын көрсөтүп, өзүн абдан төмөн түшүрдү»
Расул Умбеталив, коомдук ишмер: “Эгер Батукаевге жолдо кол салуу болуп, өлтүрүп кеткенде, Атамбаевдин баласын да өлтүрүп коюшмак”
Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Өлкөдө саясый абал өзгөрбөйт”
Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга 100 депутат макул болду
Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мурунку мэри: «Атамбаевдин жанында тиги Фарид анан 3-4 кыз-келинден башка эч ким калган жок»
Ирина Карамушкина: "Кыргыздар толтура бала тууп алып, анан башыңар жакырчылыктан чыкпайсыңар!"
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин тɵрагасы: «Матраимовдун тоюна сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргɵн»
Издөө
» » Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

10 июл 2019, 10:38    bishkek


Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди.
Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган.
Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн жазып алып турган. Бул маалыматтар эквадордук аткаминерлерге жана Испанияда жашаган күзөт фирмасынын ээсине жөнөтүлүп турганы айтылууда.
Күзөт компаниясынын баяндамасына ылайык, Ассанж маалыматтарды чогултууга тоскоолдук жаратуу үчүн үндү өзгөртүүчү жабдуу колдонгон. Андуулардын алдын алуу максатында Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү элчиликтин аялдар ажатканасында жолугушууларды өткөргөн.
Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. WikiLeaks сайтында Ооганстандагы жана Ирактагы согуштун жүрүшү тууралуу АКШнын миңдеген жашыруун документтери жарыяланган.
Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган.
49 жаштагы Австралиянын жараны аны күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат.скачать dle 12.0
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив